ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧиМК борбору “Өзүңдүн кандагы кантты текшер!” аттуу масштабдык акциясын жыйынтыктоодо

316

Бүткүл Кыргызстан боюнча “Өзүңдүн кандагы кантты текшер” аттуу акциясы аяктады. Жыл сайын, 14-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк диабетине каршы күнү белгиленген. Акцияга Чүй, Талас, Нарын, Ыссык-Көл, Баткен, Ош, Джалал-Абад облустары жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте кант диабетин алдын алууга арналган акция уюштурулган.

Мындан сырткары базарларда, банктын филиалдарында, соода борборлорунда убактылуу кароочу пунктар ачылган. Ар бир адам кандагы канттын өлчөмүн жана кан басымын бекер өлчөп, эндокринологдон кеңеш ала алышмак.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык аймактык бюросунун техникалык колдоосу менен РДЧБжМК адистери калк арасында жайылтуу үчүн маалыматтык жана билим берүүчү материалдарды иштеп чыгышкан. Бишкекте 14-15 ноябрда соода борборлорунда мындай пунктар эки күн ачык болушкан. Ал эми түшкөн жыйынтыктардын баардыгын үстүнөн анализ жүргүзүлдү. Медицина кызматкерлери кандын кантты ашып кеткен бейтаптар менен ишин улантып, ал эми түшкөн жыйынтыктардын баардыгынын үстүнөн анализ дагы деле жүргүзүлүүдө. Мындай иш-чаралардын максаты, ооруган адамдардын кант диабетин аныктоо.                  Себеби көп адамдар кант диабети бар экенин билбей келет. Кант диабетин алдын алып, убагында диагноз коюп туруштук берүүгө болот.

Медицина кызматкерлери ар бир жараанды 3 жылда 1 жолу анализ тапшырып туруусуна чакырат.

Сиз ошондой эле FINDRISC сурамжылоосун толтуруу менен кант диабетинин пайда болуу коркунучун биле аласыз.

FINDRISC файлын биздин сайттан жүктөп алыңыз.

Эске салсак, кант диабети менен ооруган бейтаптарды аныктоону жана алардын жашоосу тууралуу маалыматты жогорулатуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык региондук бюросунун катышуусунда “Жугуштуу эмес оорудлардын алдын алуу жана      мүмкүн болушунча деңгээлинде жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.