COVID 19

Учурда өлкөдө көп санда Sinopharm вакциналары бар

877

Эпид абалдын начарлашын күтпөңүздөр, азыртан Sinopharm вакцинасынын бустердик дозасын алыңыздар!
 
Июндун аягынан тарта Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын учурлары көбөйгөнү байкалууда, бул COVID-19 үчүн мүнөздүү болуп калды. Азыр көпчүлүк жарандарда оорунун белгилери билинбей өтүүдө, алардын көбүндө коронавирус чет өлкөгө чыгуу үчүн ПЧР-тестин тапшырганда аныкталууда. Бирок бейтаптарды ооруканага жаткыруу фактылары бар. Оорунун оор өтүшүнө иммунитети начар адамдар, 60 жаштан ашкан карылар жана өнөкөт оорулары бар адамдар көбүрөөк кабылышат.
  
Акыркы айларда коронавирустан адам өлүмүнүн учурлары катталган жок. Албетте, бул саламаттыкты сактоо тутумунун даярдыгы жана алдын алуу иш-чаралары, анын ичинде COVID-19га каршы эмдөөгө байланыштуу.
 
ДССУ күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаалдын күчөшүн күтүүдө. Ошондуктан, жарандар эмдөөдөн өтүшү, сентябрга чейин COVID-19га каршы вакцинанын кошумча дозасын алышы керек. Декабрдын аягына чейин Кыргызстанда калктын 40%ын эмдөө менен камсыздоо пландалууда.
 
«Учурда өлкөдө көп санда Sinopharm вакциналары бар. COVAX механизминин алкагында өлкөгө таратуу раунддары боюнча вакциналардын башка түрлөрү келет, калкыбыз тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок мен жарандарды убакытты текке кетирбей, учурда бар вакцинаны алууга чакыргым келет. Sinopharm 1, 2 жана күчөтүүчү дозалар үчүн колдонулат. Буга чейин эмдөө алган жарандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Аларды эми бустерди алууга чакырабыз», — деди Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.