Алдын алуу

Улгайган адамдардын сөөктөрү эмнеге морт болот?

403

Жылдан-жылга жашоо-тиричилик өзгөрүп, ал өзгөрүү тамактанууга да таасирин тийгизип жатат. Анын натыйжасында оорулар жашарып жана өмүрү укпаган оорулар көбөйүүдө. Мурун 65-70 жаштан ашып калгандар сөөктөрү сынып остеопороз оорусуна чалдыгып келген болсо, жыл өткөн сайын бул оорунун дагы жаш курагы ылдыйлап 35-40 жаштагылар да аталган илдетке кабылып калган учурлар кездешүүдө.

Остеопороз-бул сөөк тканынын тыгыздыгы төмөндөп, сөөктөр өтө жука жана морт болуп калган абал, мындан улам сынык-жаракаттар тобокелчилигинин жогорку даражасы келип чыгат.

Адамдын жашоосунун ичинде сөөк клеткалары дайыма жаңыланып турат, бирок эгерде остеопороз өөрчүй турган болсо, эски сөөк клеткалары жаңы клеткаларда аларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонго чейин эле тез бузулат. Остеопороздо сөөк кальций жана башка минералдарды жоготот. Мунун бардыгы сөөктөрдү алсыратат, ал гана эмес бир аз сокку болгондо же жыгылган учурда дагы сынып кетүүгө дуушар кылат.

Остеопороз оорусунун алгачкы белгилери байкалбагандыктан ал дайым өтүшүп кеткенде гана билинет. Мисалы, адам колу-бутун сындырып ооруканага кайрылган маалда гана анын остеопороз экени аныкталат.

Остеопорозго байланыштуу келип чыккан сыныктар көбүнчө сан, билек же омуртка тарапта кездешет жана майыптуулукка алып келиши ыктымал.

Бул оору менен мурда 60-70 жаштагы улгайган адамдар жапа чегип келишсе азыр 35 жаштан баштап жабыркагандар бар.

Остеопороздун келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн аныктоого боло турган белгилер:

► Бойдун кичирейиши (1-1,5 см көп), бүкүрөйүү, омуртканын кыйшайуусу;
► Сөөктөрдүн улам-улам сынышы, алардын көптө бүтүшү;
► Аба ырайы өзгөргөн учурдагы сөөктөрдөгү оорутуулар;
► Тырмактын морт болушу жана чачтардын сынышы, тиштердин бузулушу;
► Түнкүсүн буттардын карышуусу;

Остеопорозду тастыктоо үчүн, сөөк тканынын тыгыздыгын жана сөөктөгү кальцийдин камтылышын аныктоо максатында ультра добуштуу рентген изилдөөсүнөн өтүү керек.

Остеопорозду алдын-алуудагы маанилүү чаралардын бири тамеки чегүү жана алкоголду ашыкча ичүү сыяктуу зыяндуу адаттардан баш тартуу.

Физикалык активдүүлүк жана скелеттин бардык сөөктөрүнө жетишерлик оордук-сөөк тканынын тыгыздыгынын төмөндөөсүн алдын алуудагы абдан натыйжалуу ыкма.

Жашап жаткан үйдөгү өзүнүн кабатына лифт менен эмес тепкич менен чыгуу, бир-эки аялдама эрте түшүп калып, калган жолду жөө басуу абдан пайдалуу.

 Күндүз таза абада 10-15 мүнөт сейилдөө, организмге кальцийди сиңирүүжана бекем сөөктөрдү калыптандыруу үчүн зарыл болгон Д витаминин жетишерлик өлчөмдө алууга мүмкүнчүлүк берет.

Остеопорозду алдын алуудагы маанилүү чаралардын бири тамеки чегүү жана ичкиликти ашыкча ичүүдөн баш тартуу.

Рационалдуу жана тең  салмакталган тамактануу тамак сиңирүү системасынын нормалдуу иштеши, толук баалуу зат алмашуу жана иммунитетти бекемдөө үчүн зарыл болгон фактор.

Остеопороздун негизги себеби организмдеги алмашуу жана горманалдык процесстердин бузулушу болуп саналат.

Остеопороз дартына чалдыккан адамдын тамактануу рационунда кальцийге бай азыктардын болгону жакшы.   

              Кальцийге бай азыктар:

♦ Капустанын бардык сорттору
♦ Жаңгактардын бардык түрлөрү
♦ Дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн бардык түрлөрүнүн бүтүн дандуу азыктары
♦ Кычкыл сүт азыктары (табигый)
♦ Кургатылган жемиштердин бардык түрү, өзгөчө өрүк жана кара өрүк
♦ Ар кандай ашкөк чөптөрү, өзгөчө шпинат
♦ Жаңы жашылчалар жана жемиштердин бардыгы

Остеопорозду дарылоо ошондой эле дары каражаттарын ичүүнү жана көнүгүүлөрдүн атайын топтомун аткарууну камтыйт. Мунун бардыгы кыйратуучу оорунун өнүгүүсүн токтотууга мүмкүнчүлүк берет.

Биз убакытты токтото албайбыз, бирок остеопорозду токтото алабыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.