Алдын алуу

В12 витамининин функциясы жана организмге тийгизген таасири

626

В12 витамини – кобальт камтыган биологиялык активдүү заттардын – кобаламиндердин чоң тобу жана сууда эрүүчү витамин. В12 витамининин саны адамдын жынысына, жашына жана тамактануу муктаждыгына жараша болот. В12 витамини ДНК синтези жана энергия өндүрүү үчүн зарыл, ал эритроцит клеткаларынын пайда болушуна салым кошот ошондой эле нормалдуу нерв системасынын иштешин жана зат алмашууну жөнгө салат.

B12 витамининин олуттуу жетишсиздиги сейрек кездешет. Көбүнчө В12 витамининин жетишсиздиги эт азыктары менен тамак-аштын чектелгендигинен же аш болумдуу заттардын мальабсорбциясынан келип чыгат. Вегетарианчылар эт азыктарды аз жегендиктен же чектелген диетадан улам организмде В12 витамининин жетишсиздиги бар. Витамин B12 тамак сиңирүүнүн бузулушунан көбүнчө улгайган адамдарда байкалат. В12 витамининин жетишсиздиги биринчи жолу 1849-жылы байкалган. Ошол убакта В12 витамининин жетишсиздиги өлүмгө алып келет деп ойлошкон. В12 витамининин жетишсиздиги көп жылдарга созулушу мүмкүн жана вегетариандарда же аз кандуулуктун оор түрү бар адамдарда гана кездешет. Акыркы субклиникалык изилдөөлөрдө организмде B12 жетишсиздиги менен байланышкан терс таасирлери бар экенин көрсөттү, көбүнчө мальабсорбция же жетишсиз тамактануу. Субклиникалык витамин B12 жетишсиздигинин көрсөткүчтөрү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, улгайган адамдарда жана вегетарианчыларда жогору. В12 витамининин жетишсиздиги чарчоо, аз кандуулук, нейропатия, кош бойлуулуктун терс натыйжалары, кан тамырлардын бузулушу, когнитивдик бузулуу, сөөк жана көз патологияларынын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн.

Эгерде В12 витамининин жетишсиздигинин кооптуулугу бар болсо, анда аны камтыган тамак-аш кошулмаларын колдонуу бул витаминге болгон талаптарды канааттандырууга жардам берет.

Чоңдор үчүн В12 витаминине физиологиялык керектөө суткасына 3 мкг,

балдар үчүн – күнүнө 1,4 – 3 мкг.

⚖️Бирок В12 витамининин оптималдуу өлчөмү адамдын жашына, жашоо мүнөзүнө жана тамактануу муктаждыгына жараша болот.

Ошентип, В12 витаминин толуктоо дени сак адамдарга сунушталбайт, эгерде аларда В12 витаминин кабыл алууга же сиңирүүгө таасир этүүчү факторлор болбосо. Ашказан ширеси В12 витаминин алуу үчүн организм үчүн зарыл. Ошондуктан, 50 жаштан ашкан адамдарга B12 витаминине болгон муктаждыктарынын көбүн канааттандыруу үчүн диеталык кошумчаларды жана байытылган азыктарды колдонуу сунушталат. Кош бойлуу аялдардын В12 витаминине болгон талаптары жалпы калкка караганда бир аз жогору. Энеде В12 витамининин жетишсиздиги болсо балдарда нерв кемтигине алып келши мүмкүн. Мындан тышкары, чоң системалуу изилдөөдө энеде B12 жетишсиздиги болсо эрте төрөлүү жана аз салмактуу төрөлгөн ымыркайларда кооптуулугу жогору болушу мүмкүн деп табылган. Кош бойлуу аялдарда В12 витамининин жетиштүү деңгээлине тең салмактуу тамактануу же диетага В12 витамини бар атайын диеталык кошулмаларды кошуу аркылуу жетишүүгө болот.

В12 витамини негизинен эт азыктарында көп кездешет, мисалы:

🥩 эт (уй эти)

🔸өзгөчө боор жана бөйрөк эттеринде

🐟 деңиз азыктары, балыктын түрлөрү (сардиналар, тунец, форель, лосось)

Сүт азыктары (сүт, йогурт, сыр)  

🥚 жумуртка.

В12 менен кабырчыктар, ачыткы жана өсүмдүк негизиндеги сүт алмаштыруучу заттар менен байытылат.

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.