Uncategorized

Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган 51,2 миң адам каттоодо турат

37

Кыргызстанда психикалык оорулар жана психоактивдүү заттарды колдонуунун ден-соолукка тийгизген терс кесепеттери тууралуу калкка маалымат берүү боюнча бир айлык башталды. Жыл сайын 10-октябрда Бүткүл дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү белгиленет. Анын максаты психикалык ден соолуктун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана психикалык бузулуулардын стигмасы менен күрөшүү. Бул жылдын темасы “Психикалык ден соолук – адамдын универсалдуу укугу”. Бул күн психикалык ден соолук көйгөйлөрү бар адамдарга колдоо көрсөтүүгө жана түшүнүүгө үндөйт жана өзүңүздүн психикалык бакубаттуулугуңузга кам көрүүгө үндөйт.⠀ Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 450 миллиондон ашык адам психикалык же неврологиялык оорулар менен жабыркайт. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматы боюнча, учурда өлкөдө психикалык жактан жабыркаган 51 207 адам каттоодо турат. Алардын 21 551и аялдар, 29 656сы эркектер.

Categories: Uncategorized

Leave a Reply

Your email address will not be published.