COVID 19

ВАКЦИНА СИЗДИН БАЛАҢЫЗДЫ КООПТУУ ЖАНА ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДАН КОРГОЙТ

319

Жалал-Абад облусунда оорулардын алдын алуучу эмдөөлөр боюнча калкка маалымат таратуу иштери өз тартибинде жүргүзүлүп жатат. Бул боюнча Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы Жамиля Кудайбердиева билдирди. Анын айтымында, түшүндүрүү иштеринин жардамында эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны кескин түрдө азайган.

“Эмдөөдөн баш тарткандардын көпчүлүгү диний көз караштардан улам бул кадамга барып жаткандарын айтышууда. Бирок биз, вакциналар балдарды кооптуу, жугуштуу оорулардан сактай турганын айтып, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Анткени эмдөө аркылуу оорулардын алдын алуу – ар бир баланын укугу”, – деди Жамиля Кудайбердиева.

Өз сөзүндө Жалал-Абад облустук казысынын орун басары Давранбек Жунусалиев эмдөө боюнча Кыргызстандын аалымдар кеңешинин токтому – фатваны окуп берди.

“Эгер КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен оорулардын алдын алуучу эмдөөлөрдү алыш керек, ал кооптуу, жугуштуу оорулардан, пандемиядан сактайт деп айтышса, ага шариятта эч кандай каршылык жок”, – деди Давранбек Жунусалиев.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча 30 миңге чукул бала оорулардын алдын алуучу календарга ылайык эмдөөдөн өтүш керек болсо, алардын ичинен 12 миңден ашуун бала тиешелүү вакциналарды алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published.