ДЕН СООЛУК

Ысык күндө азык-түлүк коопсуздугун сактоонун 5 принциби

881

Жайдын ысык күндөрүндө тамак-аштан уулануу коркунучу жогорулайт. Бул мезгилде азык-түлүк бат бузулуп, бактериялар тез көбөйөт. Ошондуктан, төмөнкү 5 принципти сактоо — ден соолукту коргоонун маанилүү жолу:

1. Тазалыкты сактаңыз

            •          Колду самын менен жууп туруңуз (тамак жасоонун алдында жана ажатканадан кийин жана колунуз кир болуп ынгайсыз учурда).

            •          Беттери, идиш-аяктарды тазалап, дезинфекциялаңыз.

            •          Тамак-ашты курт-кумурскадан жана жаныбарлардан коргоңуз.

2. Чийки жана даяр азыктарды бөлүңүз

            •          Эт, балык, жумуртка сыяктуу чийки азыктарды башка тамактардан бөлүп кармаңыз.

            •          Ар башка тактай, бычак пайдаланыңыз.

            •          Муздаткычта чийки жана даяр тамактарды бөлүп сактаңыз.

3. Тамакты жакшы бышырыңыз

            •          Айрыкча эт, балык, жумуртка 70°Cден жогору температурада бышырыңыз.

            •          Даяр тамакты кайра ысытканда, толук ысыганына ынаныңыз.

4. Азык-түлүктү туура температурада сактаңыз

            •          Ысыкта тамак бат бузулат, аны 1–2 сааттан ашык бөлмө температурасында калтырбаңыз.

            •          Тамакты +5°Cден төмөн же +60°Cден жогору температурада сактаңыз.

5. Таза суу жана коопсуз азыктарды колдонуңуз

            •          Болгону таза сууну ичип, колдонгула.

            •          Жемиш-жашылчаларды жакшылап жууп, колдонордон мурун текшериңиз.

            •          Мөөнөтү өткөн же шектүү азыктарды жебеңиз.

Сак болунуздар!

Leave a Reply

Your email address will not be published.