ЖАҢЫЛЫКТАР

Өзүңүздүн кан басымыңызды билиңиз! Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк гипертония күнүнө карата акция өтөт

505

Гипертония (артериялык гипертония, артериялык гипертензия) – кан басымынын жогорулашы.

Артериялык гипертензия 90% учурларда,  өз алдынча оору болуп саналат.

 Гипертония – кан басымынын жогорулашы менен мүнөздөлүүчү жүрөк-кан тамыр системасынын оорусу.

 Гипертония – “үнсүз өлтүргүч” . Көптөгөн гипертониялык бейтаптар кан басымы жогору экенине шек санашпайт. Гипертония, ачык белгилери жок, маанилүү органдарга таасир этет – жүрөк, мээ, кан тамырлар, тордомо чел, бөйрөк.

Кан басымын көзөмөлдөө жүрөк-кан тамыр системасынын олуттуу ооруларын жана алардын татаалданышын – инфаркт, инсульт жана башкалардан качууга жардам берет.

 Ар жылы 17-майда Бүткүл дүйнөлүк гипертония күнү белгиленип, коомчулуктун гипертония, аны менен байланышкан коркунуч факторлору, олуттуу кесепеттери жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында белгиленет.

Бул жылы да салт боюнча бүткүл дүйнөдө болгондой эле Кыргызстанда да акциялар, тегерек столдор, семинарлар жана башка билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлөт. Академик М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунда 20-майда саат 9.00дөн 13.00гө чейин «Өз басымыңды бил!» акциясы өтөт.

Иш-чаранын максаты – калк арасында жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр оорулары, ошондой эле башка тобокелдиктер жана алардын татаалдашына алып келген оорулардын алдын алуу боюнча маалымат берүү.

Гипертония – кан басымынын жогорулашы менен мүнөздөлүүчү жүрөк-кан тамыр системасынын оорусу.

Гипертония – үнсүз өлтүргүч. Көптөгөн гипертониялык бейтаптар кан басымы жогору экенине шек санашпайт. Гипертония, ачык белгилери жок, маанилүү органдарга таасир этет.

Өз кан басымыңды бил” акциясы тууралуу видеорепортаж - YouTube

Жарандар үгүт мезгилинде төмөнкү медициналык кызматтарды акысыз ала алышат

• Кан басымын өлчөө;

• Салмагын жана боюн өлчөө, дене массасынын индексин эсептөө;

 • Жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун аныктоо;

• Кант диабетинин пайда болуу коркунучун аныктоо;

• Кант диабетинин жогорку тобокелдик фактору болгон учурда кандагы канттын деңгээлин экспресс метод менен аныктоо.

Зарыл болгон учурда медициналык кызматкерлер кошумча консультацияларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Иш-чараны Улуттук кардиология жана терапия борбору, ошондой эле Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору уюштурууда. Бишкек шаарынын тургундарын акцияга активдүү катышууга чакырабыз!

 Дареги: Бишкек шаары, Т.Молдо көчөсү, 3.

Leave a Reply

Your email address will not be published.