ЖАҢЫЛЫКТАР

Жалал-Абад областынын мобилдик клиникасында 4663 адам текшерүүдөн өттү

385

Жалал-Абад областынын мобилдик клиникасы 2019-жылдын апрель
айынан август айына чейин Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул жана
Тогуз-Торо райондорунда медициналык текшерүүлөрдү өткөрдү.
Бардыгы – 4663 дам кароодон өттү, алардын ичинен:
● эркектер – 964;
● аялдар – 3699.
ЭКГдан – 361 адам өттү, гинекологдун кабыл алуусунда – 2753 аял
болду, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардан тестирлөөгө – 517 (сифилис менен 1 адам аныкталды), УҮИ – 3376, АИВге – 206 адам
текшерилди (2 адам аныкталды). Бардыгы андан аркы текшерүүгө жана дарылоого жөнөтүлдү.
Ошондой эле көчмө медициналык борбор Улуттук госпиталдын
базасында Нарын, Талас жана Ысык-Көл областтарында 14055 адамды
текшерди. Нарын областы боюнча – 5330, Талас областында – 7802, Ысык-Көл областында – 923 адам текшерилди.
Бейтаптар андан ары текшерилүүгө жана дарылоого: Эне жана баланы коргоо Улуттук борборуна – 1, Улуттук онкология борборуна – 2, Улуттук госпиталга – 5, Талас областтык ооруканасына – 6 бей тап жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине
караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат
кызматы

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.