Жугуштуу эмес оорулардын а-алуу

Жапон-кыргыз эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) РДЧжМК борборунун адистерине ЖЭО боюнча тренерлик сабак өттү

647

Кыргыз Республикасында жугуштуу эмес ооруларды (ЖЭО) алгачкы стадияларында эрте аныктоо жана алдын алуу үчүн пилоттук жолдомо системаларын чыңдоо боюнча долбоорунун алкагында, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистерине Жапон-кыргыз эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультанттары Накаджима Дайсукэ, Нагаи Кэйко, Ямадзаки Ёсихиса төрт күндүк тренерлик сабактарды өтүштү.

Окутуунун жүрүшүндө: РДЧжМК борборунун адистери, медицина кызматкерлери, адамдар же бейтаптар ортосунда ЖЭО менен ооругандардын жана тобокелдиги жогору адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган байланышты бекемдөө  боюнча өз билимдерин жогорулатышты.

Эмне үчүн жугуштуу эмес ооруларын алдын алуу маанилүү?

Анткени Кыргызстанда эле эмес жугуштуу эмес оорулар дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө саламаттык сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат.

Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын 4 тобу (жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын оорулары, кант диабети) оорунун, майыптуулуктун негизги себеби болуп саналат жана республикадагы мезгилсиз өлүмдүн бардык учурларынын 80%ын түзөт. Ушундай эле тенденция бүткүл дүйнөдө байкалууда.

Мындай себептен улам төрт күндүк окутууда РДЧжМК борборунун адистери, Жапон-кыргыз эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) адистеринен жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча медицина кызматкерлери менен адамдардын ортосундагы байланыш түзүүдө  тренерликтин  бир нече жаңы көндүмдөрүн өздөштүрүштү жана алдыда дагы жаңы долбоорлордун үстүнөн бирге иштешүүгө макулдашышты.

Эми РДЧжМК борборунун адистери, Кыргызстандын ар бир аймагындагы ден соолукту чындоо кабинеттеринин адистерине жана медицина кызматкерлерине ар бир оорулар боюнча бейтап менен дарыгердин ортосундагы байланыш түзүү боюнча окутууларды жүргүзүүдө өзгөчө ыкмалар менен бөлүшөт.

Учурдан пайдаланып Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери, Жапониядан келген JICA консультанттары Накаджима Дайсукэ, Нагаи Кэйко, Ямадзаки Ёсихисага ыраазычылык билдирет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.