Алдын алуу

Кыргызстанда кызамыктын чыгышына жооп катары иммунизация боюнча кампания старт алды

589

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстанда кызамыктын чыгышына жооп катары иммунизация боюнча кампания старт алды.

Бул окуяга байланыштуу «Кабар» КУМАда КР ССМнын коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева, КР ССМнын Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, КРдагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) өкүлү Д-р Ливиу Ведраско жана КРдагы  ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиолонун катышуусунда маалымат жыйын өттү.

«КР Саламаттык сактоо министрлиги Иммунизация программасын коомдук саламаттык сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкты иммунизациялоо жаатында сапаттуу кызматтарга адилетүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча бардык күч-аракетин жумшайт.

Бүгүнкү күндө кызамык менен ооруп калгандардын саны өлкө боюнча 2018 учурга жетти, алардын көпчүлүгү – балдар. Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча өнөктүк вирустун жайылуусун алдын алат. Урматтуу ата-энелер! Окуу жылы башталары менен балдар арасындагы байланыштар көбөйөт, демек, кызамыкты жуктуруп алуу тобокелчилиги жогорулайт. Балдардын ден соолугун сактоо үчүн аларды эмдетиңиздер!» – деди чакырык иретинде Зинат Бейшебаева. 

Ал ошондой эле Иммунизация маселелери боюнча эксперттердин улуттук техникалык тобунун (ИЭУТТ) сунуштамасы боюнча эмдөө 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар арасында кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен жасаларын белгилеп өттү.

Кызамык-кызылча вакцинасынын сапатына, эффективдүүлүгүнө жана коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө вакциналардын сериялары спецификалык коопсуздук жана ченемдик-техникалык документация экспертизасынын талаптарына дал келүүсүнө толук текшерүү жүргүзүлдү.

«Вакцина кызамыкка каршы вирустун абдан алсыз формасын камтыйт, ошондуктан ал кыйла коопсуз жана вирустун жапайы формасына караганда баланын иммундук системасына көп күч келтирбейт. Буга чейин эмдөө алган бала үчүн кошумча өлчөм иммундук системага чыныгы вирус менен байланышка даяр болуу керектиги тууралуу ишенимдүү эскертүү катары кызмат кылат», – деп айтты Гүлбара Ишенапысова.

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча кампания кызамыктын вирусунун айланышын төмөндөтүү, оорунун чыккан жерин аныктоо жана анын мындан ары Кыргызстанда жайылуусуна жол бербөө максатында өтүп жатат.

Кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен иммунизациялоо Бишкек, Ош шаарларынын, Ош жана Чүй областтарынын аймагында жүргүзүлөт жана 29-сентябрга чейин уланат.

Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жана билим берүү мекемелеринде түзүлө турган убактылуу эмдөө пункттарында акысыз алууга болот.

Максаттуу топтун ичинен кампания башталганга чейин 28 күндөн кем эмес убакыт калганда КПК вацинасын алган балдар гана чыгарылат.

Ошондой эле кампании жүргүзүлүп жаткан учурда Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен областтарынын аймагында кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен пландуу иммунизациялоонун алкагында кызамык жана кызылчага каршы «ордун толуктоочу» иммунизация жүргүзүү күчөтүлмөкчү.

Эске салсак, кызамык – бул коркунучтуу жана абдан жугуштуу вирустук оору.

Балдарды коргоонун жалгыз ыкмасы эмдөө болуп саналат!

Leave a Reply

Your email address will not be published.