АИВ/ЖИКС

«АИВ: билим-сенин коопсуздугуң, дарылануу-сенин ден соолугуң»

225

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «АИВ: билим-сенин коопсуздугуң, дарылануу-сенин ден соолугуң» кампаниясын жарыялайт

Бишкек, Кыргызстан Жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн утурлай, Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору (РКЖВГжАИВКБ) “АИВ: билим-сенин коопсуздугуң, дарылануу-сенин ден соолугуң!» урааны астында маалыматтык кампания башталганын жарыялайт.

2024жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда АИВ илдетинин 14 159 учуру катталган, анын ичинде 13 331 – КР жарандары. АИВдин жаңы катталган учурунан тарта баары болуп 3551 адам каза болгон. Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү АИВ эпидемиясына каршы күрөшүү үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын жыл сайын эскертип турат. Бул жылы оору менен натыйжалуу күрөшүүнүн негизги фактору катары билимдин жана дарылоонун маанисине басым жасалууда.

“АИВ-статусун билүү – бул алдын алуу жана дарылоо үчүн биринчи жана эң маанилүү кадам. Биз бардык жарандарды тестирлөөдөн өтүүгө жана медициналык жардам жана колдоо алуу үчүн колдо болгон ресурстарды пайдаланууга чакырабыз”, – деп белгиледи РКЖВГжАИВКБ директору Чокморова Үмүткан Жусуповна.

Кампаниянын алкагында РКЖВГжАИВКБ АИВ жөнүндө маалымдуулукту, үзгүлтүксүз тестирлөөнүн маанилүүлүгүн жана дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган лекцияларды, семинарларды жана акцияларды камтыган бир катар иш-чараларды уюштурат.

Биз бардык каалоочуларды иш-чараларга катышууга жана АИВ эпидемиясы менен күрөшүүгө өз салымын кошууга чакырабыз.

Categories: АИВ/ЖИКС

Leave a Reply

Your email address will not be published.