Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс Апрель 2021 № 4

2365

Жазгы гиповитаминоз – авитаминоз деген эмне?

Жазгы гиповитаминоз — организмдеги витамин жетишсиздиги. Мында кандайдыр бир конкреттүү витамин жетишсиздиги эмес, организмдин көптөгөн витаминдер менен камсыздалышынын төмөндөөсү келип чыгат. Бул кышында тамак-аш азыктарында витаминдердин азайып калгандыгына байланыштуу пайда болот. Күз мезгилинен тарта жазга чейин сакталган жашылча-жемиштерде дээрлик витаминдер калбай калат. Узакка сактоодон тышкары, гиповитаминоздун өнүгүүсүнө рафинаддалган азыктарды, консервацияланган тамак-аштарды, ошондой эле узак убакытка чейин ысытуудан өткөрүлгөн азык-түлүктү колдонуу себепчи болот.
ЖАЗГЫ АВИТАМИНОЗ
Авитаминоз — клиникалык белгилери ачык көрүнүүчү кайсы бир витаминдин өтө жетишсиздиги. С авитаминозунда цинга, В1 витамини жетишсиздигинде бери-бери (тиамин жетишсиздиги), РР витамининде – пеллагра (узак убакыт бою начар тамактануудан келип чыккан оорулары) өнүгөт. Бирок ушул тапта мындай абалдар сейрек кездешет. Көбүнчө гиповитаминоздор кездешет, анын белгилери: өтө чарчоо, туталануу, табиттин өзгөрүүсү, теринин кургак болушу жана түлөө, чачтардын сынышы, тез-тезден курч дем вирустук ооруларына кабылуу, жумуш иштөөгө болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндөөсү, өнөкөт оорулардын курчушу. Витаминдер бизге иммундук системанын нормалдуу иштешин колдоо үчүн зарыл. Ал эми жаздын башталышы – бул вирустук респиратордук оорулардын сезону. Витаминдердин запасы канчалык аз болсо, иммундук системасы ошончолук аялуу болуп калат жана биз ошончолук көп ооруйбуз.
КӨБҮНЧӨ С, В1, В2, В9,В6, А ВИТАМИНДЕРИНИН ЖЕТИШСИЗДИГИ КЕЗДЕШЕТ
С витамини эң эле сезгич витамин. Эгерде азыктар бөлмө температурасында жана жарык жерде сакталса ал бузулат. Ашкөк чөбүн 2 сутка бөлмө температурасында сактаган учурда андагы аскорбин кычкылынын камтылышы 80%га төмөндөйт. Ал эми С витамини кайнатууда өтө тез бузулат. Мисалы ит мурунда аскорбин кычкылы өтө көп өлчөмдө камтылган, бирок аны кайната турган болсо, ошондой эле күн нуру тийген жерде сактаса, анда мындай суусундук биздин организмди С витамини менен камсыздабайт. Ит мурундун кынтыксыз тундурмасы: ит мурундун жанчылган мөмөлөрүн термоско (жарык кире турган) салып өтө ысык эмес кайнатылган суу куюп, капкагын жаап сактайбыз. С витаминин ушундай жол менен гана көбүрөөк сактап калууга болот.
В1 витамини жогорку температурада, өзгөчө щелочтуу чөйрөдө тез бузулат.
В2 жана В6 витаминдери кайнатууда анчалык тез бузулбайт, бирок күн нурунун таасирине таптакыр туруктуу эмес. Азыктарды тез тоңдуруу заманбап технологиялары азыктардын витаминдүү курамын максималдуу сактай алат. Ошондой эле витаминдер мөмөжемиштерди туурап кантка аралаштырган учурда толук сакталат. Бирок аларды темир эт туурагычтарга туурабастан, айнек, жыгач же эмалданган идиштерди колдонуу керек. Ал эми кайнатууда жана жылытып кургаткан учурда витаминдер жок болуп кетет.
Майда эрий турган витаминдер (А, Е, К) кыйла жогорку температуранын таасирине туруштук беришет, бирок жарыктын жана кычкылтектин таасирине абдан сезгич келишет. Ошондуктан майларды жабык идиште жана караңгы жерде сактоо керек.

АВИТАМИНОЗДУН АЛДЫН АЛУУ:
1. Тамак-ашка күн сайын жаңы, термиттик иштетүүдөн өтпөгөн жашылча, ашкөк чөптөрүн колдонгула.
2. Жашылчаларды кеспей бүтүн колдонгон жакшы. Бүтүн жашылча жана жемиштерде витаминдер жакшы сакталат.
3. Банан же өткөн жылдагы алмадан көрө, жаңы тоңдурулган жемиштерди (кара мөмө, дан куурай, кара карагат, клюква жана башка) пайдалангыла.
4. Тазаланган жашылчаларга суу куйбагыла жана чылабагыла, сууга көп витаминдер чыгып кетет. Ошол
себептүү жашылча кайнатылган сууну төкпөгүлө.
5. Тез, кыска мөөнөттө бышыргыла. Кайнатуу узактыгы канчалык аз болсо, витаминдер ошончолук азыраак бузулат. Бууга бышыруу жана кактап бышыруу витаминдерди көп бузбайт. Өтө жогорку жыштыктагы мештерди колдонуу дагы жакшы: кыска убакытта бышат жана суунун кереги жок.
6. Жашылчаларды кайнаткан учурда С витаминин бузуучу аскорбатоксидаза ферментин жансыздандыруу үчүн ысык гана сууга салгыла.
7. Жашылчаларды ар бир жолу жаңы даярдагыла, мурда бышырылган тамактарды кайрадан «жылытууга» жол бербегиле.
8. Салаттарды бир жолкуга гана жаңы даярдагыла, тууралган жашылчаларды узакка сактабагыла.
9. Маринаддалгандан көрө, туздалган жашылчаларды колдонгон жакшы.
Бир дагы азык толук витамин курамын камтыбайт, ошондуктан тамак-аш түрлүү болууга тийиш. Күн сайын жаңы азыктарды, ар кандай ашкөк чөптөрүн жана чөптөрдү, мөмөлөрдү кошуп тургула. Бир эле тамакты эки күн катары менен жебегиле. Өзүңөрдү сүйгүлө. Өзүңөр үчүн күн сайын кандайдыр бир жаңы жана даамдуу тамак даярдагыла.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.