Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс Апрель 2021 № 4

1485

Алымкадыр Бейшеналиев:

«Реформанын натыйжасында бир районго бир эле башкы дарыгер дайындалат»

Саламаттык сактоо тармагы калктын жашоосунда эң эле маанилүү орунда турат. Дагы эле дүйнө жүзүн кооптондуруп жаткан пандемия, вакцина, саламаттык сактоо тармагындагы реформалар туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен маек курдук.

— Алымкадыр Савиридинович, дүйнө жүзүнүн үшүн алган COVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жатканыбызга 1 жыл болуптур. Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы бул апааттан кандай сабак алды, учурдагы абал, жалпы даярдыктар тууралуу айтып берсеңиз?
— Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүп жатканыбызга 1 жыл болду. Башында бул оорунун кандай экенин жана кандай дарылоо керектигин жакшы билбегендиктен, көп каталарды кетирип алдык жана жалпы даярдык дагы жок болду. Дарыгерлерибиз дагы даяр эмес болду. Анын жыйынтыгында июнь-июль айларында бизде чоң жоготуулар орун алды. Экинчи толкуну октябрдын аягы, декабрь айларына туура келди. Бул мезгил аралыгында мурдагы кетирген кемчиликтерден сабак алып калгандыктан, бардык ооруканаларда койка-орундар, дары-дармектер, өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ӨЖД) жабдуулар, Тез жардам унаалары даярдалды. Ошондой эле 4-протоколго оорунун патогенези боюнча дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен дарылоо ыкмасын киргиздик. Андыктан экинчи толкунду декабрдын аягында көп жоготуусуз аяктадык. Азыркы мезгилде эпидемиологиялык кырдаал бир калыпта турат. Ооруга чалдыккандар Бишкек шаарында, Чүй жана ЫсыкКөл областында көбүрөөк катталууда. Буга аталган аймактарда авиа байланыштардын, элдин карым-катнашынын көп экендиги себепчи болууда. Үчүнчү толкунга толук даярдык бар, дары-дармек 3-4 айлык запас менен камдалып, койка-орундар камсыздалды.

Атайын буйруктун негизинде аймактык ооруканалар, райондук ооруканалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору бириктирилди

Дүйнө жүзүндө COVID-19га каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Бизде бул багытта кандай аракеттер жасалууда?
— COVID-19ду жеңүү үчүн эмдөө алуу зарыл. Андыктан Россия Федерациясы менен сүйлөшүп, Кыргызстанга «Спутник» вакцинасынан 500 миң доза берүү тууралуу макулдашылган, жакында анын келиши күтүлүүдө. Учурда Кытайдын өндүрүшүнөн чыккан Sinofarm вакцинасы 150 дозада келген. Медицина кызматкерлери эмделе баштады. Кыргызстан дагы COVAX программасына кирген, анын алкагында 1 млн 200 миң вакцина келет.
— Саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлгөн реформанын максаты жана калк үчүн жакшы жактары тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
— Реформа саламаттык сактоо тармагында ишти эффективдүү уюштуруу максатында башталып, 11-январда атайын буйруктун негизинде аймактык ооруканалар, райондук ооруканалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору бириктирилди. Мунун себеби пандемия учурунда саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр калкып чыкты, себеби бир райондо 4-5 башкы дарыгер, ошончо саламаттык сактоо уюму болуп, бири-бирин угушпай, бейтаптарды бири-бирин түртүп койгон учурлар кездешкен. Ошондой учурда бейтаптар көчөдө калып калышкан. Учурдагы реформанын натыйжасында бир районго бир эле башкы дарыгер дайындалып, ал бардыгын бириктирип карайт. Ошондой эле бирин-бири кайталап турган системалар бар болчу. Мисалы анализдер боюнча, оорулуу бейтапканадан бир жолу тапшырса, ооруканага жата турган болсо кайрадан тапшыруу керек болчу. Мунун бардыгы материалдык жактан дагы оорчулук алып келип жаткан. УДИ, рентген жабдуулары саламаттык сактоо уюмдары коңшу турса деле өз-өзүнчө иштечү, дарыгерлер бири бири менен учурашпай да калган деңгээлге жетишкен, өнөкөт оорулуу бейтаптар каралбай ортодо калып калышкан. Азыркы кезде бардыгы бир жерге чогулду, бардык маселелер боюнча бир гана адам жооп берет. Муну менен дарыгерлердин дагы жоопкерчилиги бекемделди десек болот. Ошондой эле 1-июлдан баштап дарыгерлердин айлыгы 40%га жогорулай тургандыгы жөнүндө президенттин жарлыгы чыкты. Учурда үй бүлөлүк дарыгерлердин дагы маяналарын көбөйтүү жагын карап жатабыз.

Маектешкен Аймира Мендеева

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.