ЖАҢЫЛЫКТАР

140тан ашык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары санариптик ресурстарды башкарууга өттү

84

Sanarip MED Санариптик саламаттыкты сактоонун максаттуу моделин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоонун экосистемасынын архитектурасында негизги орунду ээлеген түпкү санариптик чечимдеринин бири катары Улуттук ресурстарды башкаруунун маалыматтык системасын (НИСУР), натыйжалуу башкаруу чечимдерин жана саламаттык сактоо ресурстарын башкаруу үчүн киргизүүдө.
Ошентип, Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун адистери 18-майдан 3-июнга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында окуу иш-чараларын өткөрүштү. Бардыгы болуп республиканын 140 саламаттыкты сактоо уюмдарынан 350дөн ашык жооптуу кызматкерлер окутулду. Учурда НИСУР санариптик системасына 246 саламаттыкты сактоо уюмунун 140у (56%) кошулган. Маалыматтык системаны толук ишке киргизүү системалаштырууга жана ар бир медициналык кызматкерге саламаттыкты сактоонун бирдиктүү санариптик схемасында ар кандай маалыматтык системаларга бирдиктүү жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул системаны колдонуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасынын жетекчилигине ар бир саламаттыкты сактоо уюмунун колдо болгон ресурстары жана штаттык саны жөнүндө керектүү маалыматты тез арада онлайн режиминде алууга мүмкүндүк берет.
Маалымат үчүн: НИСУР – бул бардык саламаттык сактоо ресурстарын чогултууга жана талдоого мүмкүнчүлүк берет (кызматкерлер, имараттар, бөлүмдөр, палаталар, керебеттер, жабдуулар, транспорт, саламаттыкты сактоо мекемелеринин онлайн картасы ж.б.).

Центр электронного здравоохранения
при Министерстве здравоохранения КР
Адрес: г.Бишкек,ул.Боконбаева,139/1
Тел.: 0(312)66-21-85
Эл.почта: office@cez.med.kg

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.