ЖАҢЫЛЫКТАР

2022-жылдын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү: «Биздин планета – биздин ден соолук»

200

Бишкек, Кыргызстан –Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн майрамдоонун алкагында бактарды отургузуу, таштанды чогултуу сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулуп жатат. Аталган акцияларда борбор шаарыбыздын тургундары: КР Саламаттык сактоо министрлигинин; КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жштар саясаты министрлигинин; КР ИИМинин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын; Бишкек шаарынын мэриясынын; Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү, БУУ агенттиктеринин жана Кыргызстандагы чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү/башчылары катышууда.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюму дагы сүт бездеринин жана жатын моюнчасынын рак оорусунун алдын алуу боюнча  программасын жайылтып жаткан районунун Жаңы-Жер айылындагы өтө турган бак тигүү иш-чарасына катышып, эко баштыктарды таратмакчы. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, айлана-чөйрө менен байланыштуу жыл сайын болгон өлүмдүн 13 миллиондон ашуунун алдын алууга болот. Буга байланыштуу, 2022-жылдын Ден соолук күнүнүн темасы биздин ден соолугубуз менен – бардык жан-жаныбардын – адамдардын, өсүмдүктөрдүн саламаттыгы жана планетабыздын саламаттыгы менен байланыштуу. Бул жылы маалыматтык кампания, коомдун жана ар бир адамдын жүрүм-туруму, тандоосу айлана-чөйрөгө таасир этээрин ачык көрсөтүүгө багытталган тезистерди жана иш-чараларды илгерилетүүгө багытталган.

Адамдар өздөрүнүн рационалдуу эмес жүрүм туруму менен экологиялык абалдын начарлашына түрткү беришет, бирок биз бул кырдаалды оңдой алабыз жана оңдошубуз керек, себеби сөз адамзатынын ден соолугунун эң олуттуу коопсуздугу – климаттык кризис жөнүндө болуп жатат.

Климаттык кризис жана саламаттык сактоо жаатындагы кризис биздин саясий жана социалдык-экономикалык чечимдерибизге байланыштуу.  Казып алынган отундардын түрлөрүн колдонуунун натыйжасында, адамдардын 90%дан ашуунун ден соолукка зыяндуу аба менен дем алууда. Глобалдык температуранын жогорулашы менен чиркейлар аркылуу берилүүчү оорулар андан кеңири дагы андан көбүрөөк дагы жайыла баштады. Экстремалдык аба ырайынын шарттары жердин деградация болушуна, суунун жетишсиз болуп, адамдардын аргасыздан көчүүсүнө жана ден соолугунун бузулушуна алып келет.


Маалымат үчүн: 1948-жылдын 7-апрелинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун уставы күчүнө кирген жана бул күндү уюмдун “туулган күнү” катары, жыл сайын ушул күн “Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү катары белгиленет. БДСУнун уставында ден соолукка болгон укук ар бир адамдын расасына, динине жана социалдык абалына карабастан негизги укуктарынын бири болуп эсептелет.БДСУнун аныктамасы боюнча Ден соолук – бул оорулардын гана жок болушу эмес. Ден соолук бул – физикалык, руханий жыргалчылык жана социалдык бейгамдык абалы.

Leave a Reply

Your email address will not be published.