Вирустук гепатиттер

Гепатит В жана Сга текшерилиниз!

3162

Урматтуу Кыргызстандын жарандары!

Курагы 18 жаштан өткөн адамдар В жана С гепатитине акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Ал үчүн жашаган аймактагы жалпы дарыгердик практика борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылуу шарт.

Текшерүүдөн өткөн соң В жана С гепатитине жыйынтык терс болуп чыкса, курагы 23 жаштан өткөндөргө акысыз эмдөө жасалат. 

Ал эми В же С вирустук гепатити аныкталган жарандар акысыз дарылануу үчүн медициналык уюмга катталып, бардык медициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бериши керек.

В жана С вирустук гепатиттерин акысыз дарылоо, ошондой эле дартты аныктоо, ооруга каршы эмдөө жалпы дарыгерлик практика борборлорунда же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, В жана С вирустук гепатиттери цирроз жана боор рагы сыяктуу ооруларга алып келиши мүмкүн.

Гепатитке каршы эмдөө жана дарылоо кызмат көрсөтүүлөрүн кимдер колдоно алышат?

В вирустук гепатитине каршы эмдөө, В жана С вирустук гепатиттерин дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (үй-бүлөлүк медицина борборунун, жалпы дарыгердик практика борборунун) дарыгерине кайрылып, анын жолдомосун алышы керек.

Гепатитке текшерилүүгө кантип даярданам?

Эч кандай атайын чараларды көрбөй эле койсоңуз болот. Башка ооруларга текшерилгендей эле, вирустук гепатитке кан тапшырардын алдында тамак ичпей ач карын барыңыз.

Гепатиттен айыкса болобу?

Көп учурда өнөкөт вирустук С гепатитинен толугу менен айыгып кетсе болот, дарылоонун узактыгы 3 же 6 айга созулат. Айыгуунун негизги шарты – дарылоонун шарттарын бекем сактап, дарыгердин айткандарын так аткарыш керек.

Өнөкөт В вирустук гепатитинен дарылоо узагыраак болот (бир нече айдан бир нече жылга чейин созулушу ыктымал, балким өмүр бою дарыланууга туура келет). Кандай гана болгон күндө да, В гепатити менен ооруган бейтап вируска каршы дарыланганда анын жашоо сапаты оңолот, дарылар боордун циррозунан жана рак оорусунан сактоого жардам берет.

Суроолор болсо жашаган жериңиз боюнча медициналык мекемелерге кайрылсаңыз болот.

Мүмкүнчүлүктү качырбай, ден-соолугузга кам көрүңүздөр!

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.