ЖАҢЫЛЫКТАР

2023-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акция

289

Кечее Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн майрамдоонун алкагында 2023-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акция уюштурулду.

Акциянын алкагында спорттук иш-чаралар, оюндар, конкурстар, адистердин жугуштуу эмес оорулардын негизги тобокелчилик факторлору боюнча консультациялар, ошондой эле концерттик программа өттү.

Акцияга КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү; КРдагы БДСУнун Өлкө кеңсеси; КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы; Бишкек ш., мэриясы; Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Бишкек ден соолукту чыңдоо борбору, Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай коому; Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтер жана БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү/башчылары катышты.

Акциянын жүрүшүндө жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ыйгаруу менен “Сергек жашоо мүнөзү” видеороликтеринин конкурсунун жыйынтыгы жарыяланмакчы.

Бүгүн биз, БДСУнун 75 жылдыгын жана Кыргыз Республикасындагы БДСУнун Өлкө кеңсесинин 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул коомдук саламаттык сактоо жаатындагы акыркы он жылдыкта Кыргызстандын жашоочуларынын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берген мурдагы ийгиликтер тууралуу эстөөгө эң сонун себеп болду. Бул ошондой эле  бүгүнкү жана эртеңки күндөгү ден соолуктун актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биздин аракеттерибизге түрткү берүү мүмкүнчүлүгү. БДСУнун жана анын бардык өнөктөштөрүнүн бардыгы үчүн ден соолукка жетишүү боюнча аракеттерине кошулуңуздар”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы БДСУнун Регионалдык директорунун атайы өкүлү жана кеңсенин башчысынын м.а. Шахин Хусейнов.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова өз кезегинде: Ден соолук күнүнүн ушул жылдагы “Ден соолук бардыгы үчүн” аттуу темасы саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүнө адилеттүүлүктүн зарылдыгын жана ден соолуктун социалдык жана экономикалык детерминанттарына таасир этүүнүн маанилүү экендигин белгилейт.

Мен бардык кызыкдар тараптарды биздин саламаттык сактоо кызматтарына жалпы камтууга жана бардык жарандардын ден соолугун жакшыртууга жетишүү үчүн биздин аракеттерибизди эки эсе көбөйтүүгө чакырам.  Ал эми элибизди – биздин ушул умтулуубузга жардам берүүгө жана сергек жашоо мүнөзүн тандоого чакырып кетем”.

***

Маалымат үчүн: 1948-жылы 7-апрелде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) уставы күчүнө кирген. Бул дата уюмдун “туулган күнү” катары эсептелет жана жыл сайын аны Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму катары белгилешет. БДСУнун уставында  ден соолукка болгон укук кайсы гана адамдын болбосун расасы, дини же социалдык абалына карабастан негизги ажырагыс укугу катары көрсөтүлгөн. БДСУнун аныктамасы боюнча ден соолук бул оорулардын жоктугу эле эмес. Ден соолук – бул толук физикалык, руханий жана социалдык жыргалчылык абалы.

Ушул жылы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүндө (7-апрелде), Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзүнүн негизделгендигинин  75 жылдыгын жана  Кыргыз Республикасындагы БДСУнун Өлкө кеңсесинин 30 жылдыгын белгилейт.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.