Ыктыярчылар

Бишкекте өткөн “Улуттардын маданияты” сынагы Кыргызстан, Пакистан жана Индиянын студенттерин бириктирди

600

27-мартта И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында «Улуттардын маданияты» фестивалы өткөрүлдү.

Бул иш-чара маданий байлыктарды даңазалоо жана достукту чыңдоо үчүн КММА, ЭЖММ жана БМКнун жергиликтүү жана чет элдик студенттерин бириктирди.

Фестиваль ачык түскө, кубанычка жана майрамдык маанайга бай болду. Катышуучуларга кызыктуу музыкалык номерлер тартууланып, Кыргызстандын, Индиянын жана Пакистандын улуттук ашканасынын даамдары тартууланды.

Фестивалдын алкагында катышуучу командалар улуттук кийимдерди, тамак-аштарды жана улуттук оюндарды тартуулашты.

Студенттердин харизмасы жана алардын кызыктуу презентациялары көрүүчүлөргө ар кайсы өлкөлөрдүн улуттук мурастарынын кайталангыс атмосферасына чөмүлүүгө мүмкүндүк берди.

Ал эми улуттук тамактар боюнча гиддер салттуу тамактардын сырларын ачып гана тим болбостон, келген конокторду  даамдуу тамактар менен сыйлашты.

«Улуттардын маданияты» сыяктуу фестивалдар эл аралык байланыштарды чыңдап, көз карашын кеңейтип, жаш муундарды кызматташууга  шыктандырат.

Фестивалда эл аралык кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү биздин дүйнөлүк коомубузда тынчтыкты жана ынтымакты түзүүнүн абсолюттук негизи болуп санала тургандыгын баса белгилейт. Бул биздин байланыштарды бекемдеген жана ар түрдүүлүктөгү биримдик чыныгы күч экенин көрсөткөн майрам.

Маалымат үчүн: “Улуттардын маданияты” фестивалы “Ынтымак жолу” программасынын алкагында болуп өттү.

Ал Эл аралык Миграция уюмунун Өнүктүрүү Фондунун (IDF) каржылык колдоосунда КР ССМнин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору менен биргеликте Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы тарабынан ишке ашырылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.