ЖАҢЫЛЫКТАР

27-Май күнү Токмок шаарынын тургундарына арналган “Өз кан басымыңды бил” акциясы өтөт

337

Урматтуу Токмок шаарынын тургундары сиздерди 2023-жылдын 27-Май күнү Бүткүл дүйнөлүк гипертония менен күрөшүү күнүнө карата “Өз кан басымыңды бил” акциясына чакырабыз.

Иш-чаранын максаты – калк арасында жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр оорулары, ошондой эле башка тобокелдиктер жана алардын татаалдашына алып келген оорулардын алдын алуу боюнча маалымат берүү.

Гипертония – кан басымынын жогорулашы менен мүнөздөлүүчү жүрөк-кан тамыр системасынын оорусу.

Гипертония – үнсүз өлтүргүч. Көптөгөн гипертониялык бейтаптар кан басымы жогору экенине шек санашпайт. Гипертония, ачык белгилери жок, маанилүү органдарга таасир этет.

Токмок шаарынын тургундары акция учурунда төмөнкү медициналык кызматтарды акысыз ала алышат:

  • Кан басымын өлчөө;
  • Салмагын, боюн өлчөө;
  • Жүрөк-кан тамыр тобокелдигин аныктоо;
  • Кант диабетинин өнүгүү тобокелчилигин аныктоо;
  • Кант диабетине тобокелдик фактору  жогору болгон учурда,  кандагы канттын денгээлин  экспресс методу менен аныктоо.

Аны менен катар Токмок шаарынын спорт мектебинин машыктыруучуларынын уюштуруусунда шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн 400 метрден 1000 метр аралыкка кросс – жарыш болот. Ага 35 жаштан жогору ошондой эле катышууга арызды толук толтуруп берген эркектер менен кыз-келиндер катыша алышат.

Акция саат 9.30 да башталат.

Акция өтүүчү жер: борбордук аянт (Султан Ибрагимовдун эстелигинин жанында),

Токмок ш., Ленин көч., 385.

Жарыш өтүүчү жер: шаардагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин стадиону

Leave a Reply

Your email address will not be published.