ДЕН СООЛУК

РДЧжМКБнын адистери студенттер жана жекеменчик мектеп окуучулары үчүн «Электрондук тамеки жөнүндө мифтер жана чындык» деген темада семинарларды өткөрдү.

898

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери эл аралык медициналык университетинин студентери жана Элипс мектебинин 5-7-класстын окуучулары үчүн «Электрондук тамеки тууралуу мифтер жана чындык» деген темада семинарларды өткөрүштү.

Эл аралык медициналык университеттин студенттери жана «Эллипс» эл аралык мектебинин окуучуларына электрондук тамекилердин курамындагы уулу заттардын адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу маалыматтарды угуп, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

РДЧжМКБ эскертет: канцерогендерди камтыган буу организм үчүн өтө коркунучтуу

Электрондук тамекилерди кадимки тамекилерге караганда зыяны азыраак деп ойлоо чоң бул-жаңылыштык.

Никотин спазмды жана кан тамырдын тарылышын пайда кылган уу.

Канцерогендер өпкө, ооз, бөйрөк, боор жана башка органдардын рагын пайда кылат.

Көмүртек кычкылы жана 7 миңден ашык уулуу заттар организмдин кычкылтек ачарчылыгын пайда кылат.

  *Алар жүрөк булчуңдарына, мээге, боорго жана бөйрөккө таасир этет.

  *Алар аялдардын жана эркектердин репродуктивдүү системасына таасир этет.

  *Балдардын психикалык жана физикалык өнүгүүсүнө таасир этет.

Тарбиялык саат 11-класс

Тамекилерди насвай, кальян жана электрондук тамекилерге алмаштырууга аракет кылбаңыз. Алар ден-соолукка бирдей зыяндуу таасирге ээ.

Өзүңүзгө жана балдарыңызга кам көрүңүз!

Leave a Reply

Your email address will not be published.