COVID 19

Вакцинанын таралышы

338

Брифингдин жүрүшүндө Жылдыз Бакашова келген вакцина бардык нормаларды жана талаптарды (тоңдурулган абалда жеткирүү) сактоо менен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ооруларды алдын алуу кампаларына жеткириле тургандыгын белгиледи. Андан кийин, ал иштелип чыккан план боюнча убактылуу эмдөө пункттарына таратылат.

Бүгүнкү күндө республикада тездетилген эмдөө үчүн 627 убактылуу эмдөө пункту түзүлдү:
 284 мамлекеттик медициналык мекемелерде ;
 11 жеке медициналык мекемелерде;
 116 билим берүү мекемелеринде;
 22 соода жана көңүл ачуу борборлорунда;
 53 Маданий жана спорт мекемелеринде;
 63 ири базарларда;
 78 мобилдик бригада.
   
Бардык убактылуу эмдөө пункттары муздатуучу шаймандар менен, ал эми мобилдик топтор термоконтейнерлери менен камсыз болушат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.