COVIDге каршы эмдөө

Эмдөөдөгү эң маанилүү курал

173

Эмдөө жүргүзүүдөгү маанилүү нерсе, вакцина боюнча туура эмес маалыматтардын жайылып кетүүсүнүн алдын-алуунун бирден-бир жолу калкка түшүндүрүү иштерин терең жүргүзүү болуп эсептелет.

Талас облусунун жалпы медицина кызматкерлерине “Иммундаштыруудагы адамдар ортосундагы коммуникация” боюнча РДЧжМК борборунун адистери тарабынан атайын окутуу өткөрүлүп жатат.

Окутуунун максаты: Эмдөөдөн баш тартууну пайда кылуучу негизги факторлордун бири ата-энелер ошондой эле балдарга кам көрүүнү ишке ашырып жаткан адамдар менен пикир алышуу жана өз ара аракеттенишүүнүн сапаты менен байланышкан. Бул окутууда медицина кызматкерлери, калк арасындагы коммуникация ыкмаларын өздөштүрүү менен COVID-19га каршы эмдөө жана беш жашка чейинки балдарды башка ооруларга каршы эмдөөдөгү туура эмес жаралган ой-пикирлердин алдын-алуу менен туура маалымат берүү багытын көздөйт. 

Маалымат үчүн: Бул иш-чара ЮНИСЕФтин колдоосу менен Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published.