АДК

Айылдык ден соолук комитеттери физикалык активдүүлүк үчүн!

448

Айдаркен жалпы дарыгерлер практикалык борборуна караштуу Ормош айылында айылдык ден соолук (АДК) комитети жаңы түзүлүп, эл кубанып турган мезгили. Жаңы түзүлгөн АДК мүчөлөрүн колдоо максатында Ормош айлынын кызы Гүлдесте Калматова демөөрчү болуп, Айдаркен аймагындагы бардык АДК мүчөлөрүнө, Сырт орто мектебинин спорт залында волейбол боюнча мелдеш өткөрүп берди. Мелдешке тогуз АДК мүчөлөрүнөн түзүлгөн жети команда катышты.
1- орунду Кичи Сырт АДКсы ээ болуп, 2500 сом акчалай сыйлык алды.
2- орунду Ормош АДКсы ээлеп, 2000 сом сыйлык алды.
3-орун – Сырт 1 командасына ыйгарылып, 1000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Ошондой эле катышуучулардын арасынан “Эң күчтүү оюнчу”, “Эң аксакал оюнчу” жана “Эң жаш оюнчу” номинациялары көргөзүлүп, аларга да акчалай белектер тапшырылды.
Бул мелдешке демөөрчү болуп берген Гүлдесте Калматовага жалпы АДК мүчөлөрүнүн атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.