Тамактануу

Балдардын туура тамактануусу

204

Балдарда өспүрүм мезгилде бардык органдардын жана системалардын активдүү өсүү жана өнүгүүсү жүрөт: организмдин татаал гормоналдык өзгөрүүсү, нерв жана жүрөк-кан тамыр системасынын, баш мээнин ишмердүүлүгүнүн өсүшү болуп өтөт. Анын үстүнө бул интенсивдүү окуу жүктөмдөрүнүн мезгили. Ошондуктан баланын организмин колдоп туруу, аны өсүү жана өнүгүү, жыныстык жактан жетилүү үчүн эле эмес, ошондой эле мектептеги бардык көбөйүп жаткан оордуктар үчүн дагы бардык ресурстар менен камсыздоо зарыл. Буга байланыштуу толук баалуу тамактануу көйгөйү ата-энелер үчүн абдан актуалдуу болуп саналат.

Окуучунун тамактануусу кандай болууга тийиш?

1. Бала ар кандай тамак-аш азыктарын жеш керек. Баланын күнүмдүк рациону ар кандай тамак-аш азыктарынын 15ке жакын аталышын камтууга тийиш. Бир жуманын ичинде тамактануу рациону ар кандай тамак-аш азыктарынын 30дан кем эмес аталыштарын камтууга тийиш.

2. Баланын энергия чыгымдоолорун жабуу үчүн бир күн ичинде тамак-аш менен ошончо калория келип түшүүсү керек (бала канча энергия коротсо, ал ошончо келип түшүүсү зарыл). Окуучунун рациону тең салмакталган болууга жана белок, май, углеводдорду 1:1:4 катышында камтууга тийиш.

3. Баланын тамактануу рационунда күн сайын төмөндөгү азыктар болуп турууга тийиш: эт, каймак май, сүт, нан, акшактар, жаңы жашылча жана жемиштер. Бир катар азыктар: балык, жумуртка, каймак, сыр, быштак, жана башка кычкыл сүт азыктары бир жуманын ичинде сөзсүз түрдө 2-3 жолу болууга тийиш.

4. Бала күнүнө 4 жолудан кем эмес тамактанууга тийиш, тамактануулардын ортосундагы аралык 3,5-4 саатты түзүшү керек. Тамактануунун ушул режимин сактоого аракеттенүү зарыл.

Биринчи нөөмөттө окуган окуучулар үчүн оптималдуу болот:
биринчи эртең мененки тамак – үйдө 7.00 – 8.00
экинчи эртең мененки тамак – 10.30 – 11.00
түшкү тамак – 13.00 – 14.00
шам-шум – 16.30 – 17.00
кечки тамак – 19.00 – 20.00 уктарга бир жарым саат калган  убакыттан кеч эмес;

Экинчи нөөмөттө окуган балдар үчүн:
эртең мененки тамак – 7.00 – 8.00
түшкү тамак – 12.00 – 12-30
шам-шум – 15 – 00
кечки тамак – 20.00 – 20.30

5. Тамак даярдоодо йоддолгон туз пайдалануу керек.

6. ВИТАМИНДЕР организмге өтө зарыл. Ар түрдүү азыктар ар кандай витаминдердин булагы болуп саналат, ошондуктан рационалдуу тамактануунун негизи – азыктардын түрдүү болушунда жатат.

А витамини – боор, балыктын майы, жумуртка, май, сыр, сүт
Е витамини – өсүмдүк майы, боор, жашыл жашылчалар, акшактар
К витамини – жашыл жашылчалар, жумуртка, эт, акшактар, капуста, быштак
D витамини – деңиз балыгы, сүт, жумуртка, сыр
С витамини  – цитрус жемиштери, кулпунай, таттуу калемпир, кара карагат, капуста, картошка, кычкыл алма
В1 витамини  – кесек тартылган ундан жасалган нан, күрүч, жасмык, буурчак, сулу
В2 витамини  – сүт азыктары, жүгөрү, тоок эти, эт, балык, жашыл жашылчалар
В3 витамини – уй эти, абрикос, шабдалы
В 6 витамини  – жөжө эти, жумуртка, күрөң күрүч
В 9 витамини  (фолий кычкылы) – жумуртканын сарысы, ачыткы, акшак, сабиз, жалбырактуу жашылчалар, төө буурчак
В 12 витамини  – эт, жумуртка, сыр, сүт, быштак

7. МИНЕРАЛДАР организмдин органдарынын жана ткандардын курулушуна катышат, клеткалардын нормалдуу иштешин камсыздап, алмашуу процесстерине катышат.

КАЛЬЦИЙ – сүт жана сүт азыктары, быштак
МАГНИЙ – жашыл жашылчалар, жаңгактар, балык, төө буурчак
ТЕМИР – буурчак өсүмдүктөрү, гречка уну, эт, алма, черника
ЙОД – деңиз азыктары
ЦИНК – уй эти, какао, жумуртканын сарысы
ФОСФОР – сыр, быштак, акшак, буурчак өсүмдүктөрү, балык

8. Мезгилдердин ортосундагы аралыкта (күз-кыш, кыш-жаз) дарыгердин сунушу боюнча тиешелүү курактагы балдар үчүн витаминдүү-минералдык топтомдорду пайдаланууга болот.

9. Эгерде баланын дене салмагы жетишсиз же ашыкча болсо, тамактануу рационун өзгөртүү үчүн дарыгердин кеңеши керек.

10. Спорт менен машыккан окуучунун тамактануу рациону физикалык жүктөмдүн көлөмүн эске алуу менен өзгөртүлүшү керек.

11. Бала күн сайын ичүүчү таза сууга (1-1.5 литр) муктаж болот. Суу бардык алмашуу процесстерине катышат, клеткаларга жана ткандарга аш болумдуу заттарды жеткирет, организмден зыяндуу заттарды сыртка чыгарат.

12. Кант, туз жана майды көп камтыган азыктар өтө азайтылууга тийиш.

Эмне үчүн окуучулардын тамактануу рационунан фастфудду алып салуу керек?
Фастфуд – бул баланын организми үчүн таптакыр кереги жок тамак. Ал балдарда ич катуу, гастрит, ичегинин жана ашказан алдындагы бездин сезгенүү процесстерине түрткү берет.

Окуучунун эртең мененки тамагы кандай тамактардан турууга тийиш?
Эртең мененки тамак сөзсүз болууга жана жеңил тамактануу, ысык тамак, ысык суусундуктан турууга тийиш, жашылча жана жемиштерди кошуу сунушталат.

Экинчи эртең мененки тамак. Мектепте окуучулар сөзсүз эртең мененки ысык тамакты ичүүгө тийиш. 6-7 сааттан узак убакытка чейин ачка болуу тез чарчоого, ишке болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндөөсүнө, абалынын жана маанайынын начарлашына алып келет, ошондой эле ашказан-ичеги тутумунун ооруларынын ж.б. өнүгүүсүнүн себеби болушу мүмкүн.

Түшкү тамак кандай тамактардан турат?
Үйдө же мектепте бала жеңил тамак, биринчи (сорпо), экинчи (балык, эт же канаттуунун этинен турган негизги тамак), үчүнчү тамак компот, кисель, чайды камтыган толук баалуу түшкү тамак ичиши керек. Жеңил тамак катары бадыраң, помидор, жаңы же ачытылган капуста, сабиз, кызылчадан даярдалган жана жаңы ашкөк чөптөрү кошулган салатты пайдалануу керек. Даамды жакшыртуу үчүн салатка жаңы же кургак жемиштерди: алма, кара өрүк жана жаңгактарды кошууга болот.

Шам-шум кандай тамактардан турат?
Шам-шумга балдарга: таттуу токоч же кремсиз кондитердик азыктар менен суусундук (сүт, кычкыл сүт азыктары, киселдер, ширелер), жемиштер зарыл.

Кечки тамак кандай тамактардан турат?
Балдар уктаарга 1 сааттан кеч эмес убакыт калганда кечки тамакты ичүүлөрү керек. Кечки тамак абдан көп болбоого тийиш, анткени нык тойгон ашказан менен уктаган уйку тынч болбойт. Кечки тамак жашылча (быштак) тамагынан же боткодон; негизги экинчи тамактан (эт, балык же канаттуунун эти), суусундуктан (чай, шире, кисель) турушу зарыл. Экинчи кечки тамак катары жемиш же кычкыл сүт азыктары жана таттуу токоч же кремсиз кондитердик азыктарды кошумча кошуу сунушталат.


Бала жетилип жаткан мезгилде чоңдордун көзөмөлүнө карабастан тамактануу режимин өз алдынча карманууну үйрөнүүсү, рационалдуу жана туура тамактануусу маанилүү. Бул биринчиден, өзүнүн өсүп келе жаткан организмине жардам берүү, экинчиден, ага өз алдынча жашоосунда жардамы тие турган адатты иштеп чыгуу үчүн зарыл. Окуучунун туура уюштурулган тамактануусу – анын саламаттыгын жана туура өнүгүүсүн сактоо үчүн зарыл болгон шарт. Баланын рациону тамак-аш азыктарынын ассортиментин канчалык кенен камтыса, анын организми зарыл болгон заттардын бардыгын алуу ыктымалдуулугу ошончолук жогору. Ата-энелер алардын балдарынын тамактануусу кандай уюштурулгандыгына жооптуу.

Categories: Тамактануу

Leave a Reply

Your email address will not be published.