КДВО — бул дем алуу жолдорун жабыркатуучу жана ар кандай вирустар тарабынан пайда болуучу курч дем вирустук оору
КДВОнун ичинен кыйла кооптуусу грипп болуп саналат
КДВО жана грипптин симптомдору
- Баш оору
- Мурун бутуу, чүчкүрүү
- Жалпы талмоорсуу жана алсыроо
- Дене табынын жогорулашы
- Тамактын оорушу
- Булчуң жана муундагы оору
Инфекциянын булагы КДВО менен ооруган адам болуп эсептелет.
Жугуу жолдору
Аба-тамчы
-сүйлөп, жөтөлүп, чүчкүрүп жаткан учурда вирустун жайылышы.
Байланыш-тиричилик
-вирусту кир колдор, жалпы тиричилик буюмдары (идиш-аяк, сүлгү ж.б) аркылуу жуктуруп алуу.
ГРИПП эмнеси менен кооптуу?
Грипп тез жайылуусу жана жүрөк-кан тамыр, дем алуу системасы тараптагы олуттуу татаалдашууларга алып келүүчү оор өтүүсү менен кооптуу.
Татаалдашуулардын өнүгүүсүнүн жогорку тобокелчилигине төмөнкүлөр дуушар болушат:
- кош бойлуу аялдар
- 5 жашка чейинки курактагы балдар
- улгайган адамдар
- өнөкөт оорулуу адамдар
КДВО жана грипптин алдын алуу:
Адамдар көп топтолуучу жерлерден алыс болгула
Колуңарды үзгүлтүксүз самындап жууп тургула же антисептик менен тазалагыла
Жөтөлүү жана чүчкүрүү этикетин сактагыла
Бөлмөлөрдү тез-тезден желдетип тургула жана нымдуу тазалоо жүргүзгүлө
КДВО жана грипп менен ооруган адамдар менен байланышуудан алыс болгула
Сергек жашоо мүнөзүн кармангыла
КДВО жана грипптин симптомдору байкалган учурда:
Үйдө калгыла жана үй-бүлөлүк дарыгерди чакыргыла
Yй-бүлөлүк дарыгердин бардык сунуштарын так аткаргыла
Өз алдынарча дарыланбагыла
Беткап тагынуу режимин жана жеке гигиена эрежелерин сактагыла
Башка адамдар менен байланышуулардан кармангыла
Грипптен мыкты коргоочу – ЭМДӨӨ болуп саналат!
Categories: Жугуштуу оорулар, КДВО/ Сасык тумоо