ЖАҢЫЛЫКТАР

“Алтын Балалык” реаблитациялык борбору май айынын акырында өспүрүмдөрдү кабыл ала баштайт

444

ММК өкүлдөрү дем ​​алыш күнү “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна барышты. Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттер үчүн пресс-тур уюштуруп, Алымкадыр Бейшеналиев өзү алып барды. Пресс-турдун алкагында журналисттер борбордун сейилдөө аянтынын аймагына көчөт отургузушту.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Алтын-балалык» балдар реабилитациялык борборунун курулуш иштери 17 жылдан бери токтоп турган. Курулуш иштери 2021-жылдын октябрь айында өткөн кайрымдуулук марафонунан кийин башталды.

Учурда объектте жалпы курулуш иштеринин 80%ы бүткөрүлдү. Чатыры жабылып, эшик-терезелери орнотулуп, ички жасалгасы бүткөрүлдү.

Реабилитациялык борбор 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ачылаары күтүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги мекеменин өз убагында пайдаланууга берилиши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.

Имараттын жалпы аянты 19,5 миң чарчы метрди түзөт, борбор бир эле учурда 250 баланы жана алардын ата-энелерин кабыл ала алат.

Реабилитациялык борбор 10 блокко (А, Б, Н, В, Г, Д, Е, Ж, И, К) бөлүнгөн. Имаратта дарылоо, калыбына келтирүү, дарылоо-ден соолукту чыңдоо бөлүмдөрү, клиникалык диагностикалык лаборатория жана балдар жана ата-энелер үчүн пансионат жайгашат. Борбордо бейтаптардын ыңгайы үчүн бардык шарттар түзүлгөн – кенен бөлмөлөр, жайлуу эс алуу зоналары, ашкана, актовый зал, пляж жана башка жайлар.

Борбордо бейтаптардын ынгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө – кенен бөлмөлөр, ыңгайлуу эс алуу зоналары, ашкана, жыйындар залы, пляж жана башка жайлар.

Ошондой эле борборго чектеш аймактарды көрктөндүрүү, спорттук оюн-зоок комплекстерин, анын ичинде улуттук оюндарды ойноочу аянтчаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жерде бардык курактагы балдар ачык абада ырахат алышат.

Пляжда сейилдөөчү жай, күндөн же жаан-чачындан коргоо үчүн жасалган чатырлар, суу ичүүчү фонтандар жана отургучтар болот.

Долбоордун баасы 1,8 миллиард сомду түзүп, аны ишке ашырууга демөөрчүлөр жардам беришти. Медициналык жабдууларды сатып алууга жардамды «Кумтөр» компаниясы жана эл аралык донорлор көрсөтүштү.

“Куруучулар күнү-түнү иштеп жатышат. Майдын аягы ачылсак, анан калган катканын күзгө чейин жасап алабыз. Азыр ички жасалгаларынын көбү бүттү, тамак аш блогу жасалууда. Майдын 15-20на чейин бүтүрөбүз деп аракет кылуудабыз”- деп кошумчалады “Алтын Балалык” ден соолукту калыбына келтирүү комплексинин директору ТИЛЕК МААТКЕРИМОВА.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.