COVID 19

Антибиотиктер коронавирусту, дегеле вирусту айыктырууга жардам бербейт

335

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев коронавирус жыл сайын кайталануучу респиратордук вирустук оорулардын катарына киргенин айтты.

Азыр ооругандардын саны көбөйгөнү менен коронавирустун кезектеги толкуну башталды дегенден алысмын. Учурда коронавирус кадимки тумоо сыяктуу эле улам кайталануучу респиратордук вирустук оорулардын катарына кирип калды. Коронавирус күчүн жоготту, бирок ДССУ пандемия аяктады дей элек.

Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун  Sputnik Кыргызстан радиосуна уюштуруп берген эфиринде Талант Сооронбаев маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, антибиотиктер коронавирусту айыктырууга жардам бербейт.

“Азыркы мезгилде коронавирус пандемиясы бүтсө, бүтпөсө деле жеке гигиенаны сактоого терең көңүл бөлүшүбүз керек. Андан тышкары дары-дармекти, айрыкча антибиотиктерди дарыгердин рецепти жок, ой келди ичпеңиздер. Антибиотиктер коронавирусту, дегеле вирусту айыктырууга жардам бербейт. Бул препараттар качан гана бейтаптын абалы оорлоп пневмония болсо же башка өнөкөт оорусу козголгондо жазып берилет. Ушул антибиотиктерди туура эмес колдонуунун кесепетинен адамдын ден соолугу талкаланып, ал эми саламаттыкты сактоо тармагы миллиондогон каражаттарга чыгым болуп жатат. Коронавирустун учурдагы омикрон, кентавр өңдүү жаңы штаммдары алдыда дагы да пайда боло берет. Биз андан чочулабашыбыз керек. Окумуштуулар жаңы штаммдар адамды коркунучтуу акыбалга алып келбей турганын олуттуу далилдер менен айтып жатышат. Биз пандемиянын эң оор учурларын баштан өткөрүп жибергенибизди эсиңиздерге салам. Ошентсе да сөзсүз түрдө эмделип, өзгөчө өнөкөт оорусу барлар ден соолукту чыңдап, алдын алуу зарыл. Учурда COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча клиникалык протоколдун жетинчи жана сегизинчи версиялары иштелип чыгууда. Жетинчи дарылоо протоколуна жаңы бир дары кошулду жана кислород менен дем алдыруунун натыйжалуу ыкмасы киргизилди. Бул өпкөсү ооруп калган адамдарды сактап калууга жардам берет. Жер-жерлердеги мультидисциплинардык дарыгерлер тобу окутулду. Ал эми азыр сегизинчи протоколдун үстүнөн иштеп баштадык. Себеби коронавирус кантсе да жаңы оору. Азыр дагы деле дүйнө жүзүндө вируска каршы дары иштеп чыгуу боюнча, жаңы дарылоо ыкмаларын киргизүү жаатында изилдөөлөр жүрүп жатат. Андыктан жаңы маалымат пайда болгон сайын биз дагы алгоритмге өзгөртүү киргизишибиз зарыл”, — деди Сооронбаев.

Leave a Reply

Your email address will not be published.