ЖАҢЫЛЫКТАР

«Иште эне сүтүн эмизүүгө шарт түзөлү» аталышында пресс-конференция өттү

1167

Бүткүл дүйнөлүк бала эмизүүнү колдоо жумалыгы – 2023

Кыргызстанда 1-августтан 7-августка чейин Бүткүл дүйнөлүк бала  эмизүү жумалыгы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө өтүп жатат. Жумалыктын алкагында  КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы  РДЧжМКБнын басма сөз борборунда «Иште эне сүтүн эмизүүгө шарт » аталышында пресс-конференция өттү.

Жыйынга Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Доктор Ливиу Ведраско жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло, Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Жылдыз Артыкбаева жана медицина илимдеринин доктору, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору Турсун Мамырбаева катышты.

Жыйында, “ Эне сүтү ымыркайды бардык зарыл болгон энергия жана аш болумдуу заттар менен камсыздайт, энени дагы, баланын дагы ден соолугун чыңдоого көмөктөшөт. Жумуш орундарында бала эмизген аялдар үчүн  шарттарды түзүү иштеген аялдардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, мотивация жогорулайт жана эмгек өндүрүмдүүлүгү өсөт.КРнын саламаттык сактоо министрлиги  эне сүтү менен багууну 2 жашка чейин улантууну сунуштайт. Аялдар ошондой эле жумуш орундарында энелер үчүн жагымдуу жана эмгек ишмердүүлүгүнө кайтып келгенден кийин мисалы, бала эмизүүгө тыныгууларды берүү, эне сүтүн саап алуу жана сактоо үчүн коопсуз, жабык жана гигиенанын талаптарына жооп берген жай, ошондой эле баа катышынан алганда балдарга кам көрүү боюнча жеткиликтүү кызматтар  менен камсыздоо аркылуу эне сүтүн эмизүүнү коргоого, колдоого көмөктөшүүчү шарттардын түзүлүүсүнө муктаж.”-деп билдирди КССМжФКЛБнын башчысы Зинат Бейшебаева.

“Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен баланы эмизүү жумалыгы баарыңыздар билгендей, бул жылы бала  эмизүү менен эмгек жашоонун шайкештигине арналат. Бул жумалыкта бала эмизген апалардын укугун коргоо, бала эмизүүнү колдоо багыты боюнча көптөгөн маалыматтык кампанияларды уюштурууга жакшы мүмкүнчүлүк. Мындай саясат чаралары энелер үчүн балага кам көрүү боюнча 18 жумадан кем эмес, 6 айдан  ашуун убакытка созулган акы төлөнүүчү эс алуу өргүүсүнө чыгууга,апалар жумушка чыккандан кийин да, иште эне сүтүн эмизүүгө шарт түзүү укугун берет. Акыркы Акыркы 10 жылдан бери көптөгөн мамлекеттер бул багыт боюнча жакшы жыйынтыктарга жетти. Өзгөчө быйыл иште  бала эмизүүнү колдоо жана коргоо, иште эне сүтүн эмизүүгө шарт түзүү боюнча маселелерди айтып баштадык. Анткени дүйнө жүзү боюнча бир жарым млдр айым иш менен камсыз болгону менен, алардын энелик укугу толук корголгон эмес.”- деди ДСУнун КРдагы өкүлү Доктор Ливиу Ведраско.

“ЮНИСЕФтин 2018-жылдагы изилдөөсү боюнча Кыргызстанда 0-6 айлык балдардын 46 пайызы гана эмчек сүтү менен тамактанарын көрсөткөн. Бул акыркы жылдары жетишилген ийгиликтерге карабастан, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы тарабынан белгиленген 50% максатка жетүү үчүн дагы көп иштер аткарыла турганын билдирет.ЮНИСЕФ өлкөдөгү ар бир баланын бакубат жашоосу үчүн Кыргыз өкмөтүнө жана жарандык коомго колдоо көрсөтүүнү улантат. ”-деп билдирди ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлү Кристина Бруджиоло.

Пресс-конференциянын башкы максаты эне сүтүн эмизүүнү жайылтуу жана колдоо болуп эсептелет. Бүткүл дүйнөлүк эне сүтүн эмизүүнү колдоо жумалыгы жыл сайын 1-августтан 7-августка чейин бүткүл дүйнө жүзүндөгү балдарды эне сүтү менен багууга түрткү берүү жана алардын ден соолугун жакшыртуу үчүн 170тен ашуун өлкөдө өткөрүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.