ЖАҢЫЛЫКТАР

Бүткүл дүйнөлүк гипертония күнүнө арналган иш-чараларды Токмок шаарында өткөрүүгө даярдык

288

Бүткүл дүйнөлүк гипертония күнүнө арналган иш-чараларды Токмок шаарында өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун өкүлү Аида Султангазиева  Токмок шаарынын вице-мэри Айбек Орозбекович жана Токмок шаарынын Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун орун басары Нурбек Төрөбаевич менен жолугушту.

Жолугушууда, 2023-жылдын 27-Май күнү Бүткүл дүйнөлүк гипертония менен күрөшүү күнүнө карата Токмок шаарында “Өз кан басымыңды бил” акциясын өткөрүү, ошону менен бирге Токмок шаарынын спорт мектебинин машыктыруучулары менен биргеликте шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн 1000 метр аралыкка кросс – жарыш уюштуруу маселелери талкууланды.    

 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.