ЖАҢЫЛЫКТАР

“Өз кан басымыңды бил” акциясы болуп өттү

563

Бүткүл дүйнөлүк гипертония күнүнө карата M.М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда 2023-жылдын 20-май күнү “Өз кан басымыңды бил” акциясы болуп өттү.

Возможно, это изображение 4 человека, люди учатся и больница

Иш-чарага жалпысынан 500гө чукул адам катышып алардын 265ине кошумча кароо-кеңеш берүү жүргүзүлдү.

Возможно, это изображение 6 человек и текст
Возможно, это изображение 8 человек и текст
Возможно, это изображение 7 человек и больница

Акцияга катышкан жарандарга дарыгерлер тарабынан калк арасында жугуштуу эмес оорулардын анын ичинен артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр оорулары ошондой эле алардын татаалдашына алып келүүчү башка коркунучтар менен ооруларды алдын-алуу боюнча маалымат берилип, кан басымын өлчөө; салмагын, боюн өлчөө; жүрөк-кан тамыр тобокелдигин аныктоо; кант диабетинин өнүгүү тобокелчилигин аныктоо; кант диабетине тобокелдик фактору жогору болгон учурда, кандагы канттын денгээлин экспресс методу менен аныктоо кызматтары акысыз көрсөтүлдү.

«Акциянын негизги максаты жарандардын көңүлүн жугуштуу эмес ооруларына буруу.Бул жүрөк-кан тамыр, рак, кант диабети жана респиратордук дарттар кирет. Андыктан бүгүн шаар тургундарынын кант диабетин, салмагын, бой ченемин жана кан басымын текшерип, бекер консультация бердик. Бүгүнкү акцияга биздин мекеменин жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери катышты. Мындан тышкары, жарандарды ушундай акысыз акцияларга катышып, күнүмдүк кан басымынын өлчөмүн, канттын жана холестериндин өлчөмүн билип алуугажана салматтыгына жоопкечиликтүү мамиле кылуууга  чакырам”-дейт С.Б.Данияров атындагы кайра даярдоо жанаквалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттин медициналык институтунун кардиология курсунун окутуучусу, Академик М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун артераилдык гипертензия белумунун илимий кызматкери Мыскал Дуйшеналиева

Ошондой эле акция учурунда кошумча текшерүү зарылдыгы аныкталгандарга, дарыгерлер тарабынан кошумча изилдөөлөр боюнча багыттама маалыматтар, кеңеш берүүлөр жүргүзүлдү.

Иш-чара, Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published.