Балдарга кам көрүү

Мектептеги зомбулук: анын формалары жана кесепеттери

5701

Мектептеги зомбулукка көптөгөн факторлор, анын ичинде зомбулукту ар кайсы маданияттарда бирдей эмес түшүнүү, социалдык жана экономикалык абалдагы айырмачылыктар, баланын үй-бүлөсүндөгү кырдаал, ошондой эле мектептин дубалынын сыртындагы чөйрө таасирин тийгизет. Мисалы, ар кайсы коомдордо бир эле кырдаал зомбулук актысы дагы, ошондой эле жергиликтүү маданияттын өзгөчөлүгү катары дагы эсептелиши мүмкүн. Бирок мектепте маданий жана социоэкономикалык контекстке карабастан физикалык дагы, психологиялык дагы зомбулук орун алган.

Эл аралык изилдөөлөрдө жабыркаган адамга карата агрессивдүү аракеттердин түрүнө негизделген зомбулуктук классификациясы колдонулат:

ФИЗИКАЛЫК ЗОМБУЛУК

• ПСИХОЛОГИЯЛЫК (эмоционалдык) ЗОМБУЛУК

• СЕКСУАЛДЫК ЗОМБУЛУК

Зомбулукка ошондой эле кайсы гана болбосун белги боюнча күн мурунтан начар мамиле жасоо аркылуу жана ар кандай аракеттерден көрүнө турган басмырлоо кирет. Көрүнүштөрдүн мүнөзү боюнча өз алдынча, бир жолу жасалуучу зомбулук аракеттерин жана системалуу, үзгүлтүксүз кайталануучу зомбулук – буллингди бөлүп карашат. Виртуалдык мейкиндикте ишке ашырылуучу салыштырмалуу жаңы, бирок кеңири жайылган зомбулуктун формасына карата «кибербуллинг» термини колдонулат. Көпчүлүк өлкөлөрдөгү үстөмдүк кылган зомбулуктун (анын кайсы гана түрү болбосун) гендердик курамына карата гендердик зомбулукту бөлүп карашат.

МЕКТЕПТЕГИ ФИЗИКАЛЫК ЗОМБУЛУК

Физикалык зомбулук – бул адамдын жанын кейитүү, ыңгайсыздык алып келүү, анын кадыр-баркын басынтуу максатында физикалык күч колдонуу менен жасалган аракеттер. Физикалык зомбулук катары каралуучу жүрүм-турумдун моделдеринин кеңири тармагы бар: кол, бут, кандайдыр бир буюмдар менен жасалган соккулар, сабоо, түртүү, тепкилөө, кежигеге коюп жиберүү, тиштөө, кулагын чоюу, кандайдыр бир ыңгайсыз же басынтуучу позада турууга мажбурлоо, муунтуу, чачын жулуу, силкилдетүү жана кандайдыр бир буюм же курал менен кол салуу. Физикалык зомбулук физикалык жана психологиялык жаракаттарга, жаракат алуунун же суициддин жыйынтыгында жабырлануучунун майып болуусуна же өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Мыйзамдагы тыюу салууларга карабастан, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлери кээде окуучулардын тартибин колдоо же жазалоо үчүн физикалык таасир этүү чараларын колдонушат.

Көбүнчө алар шалп эттирип чаап жиберүү, кежигеге коюп жиберүү, колу же кандайдыр бир буюм менен соккуларды урууну колдонушат, бирок ошондой эле балдарды түртүп, бурчка тургузуп, аларды ыңгайсыз позада турууга мажбурлашы дагы мүмкүн.

Мектептерде окуучулар бүлдүрүү же буюмдарын (кийим-кече, мектеп шаймандарын, жеке буюмдарын ж.б.) жана акчаларын зомбулук менен тартып алууга бет келген учурлары сейрек эмес. Көп учурда бул опузалоо – кысым көрсөтүү жана мажбурлоо, анын ичинде физикалык күч колдоном, кандайдыр бир маалыматтарды, ушак-айыңдарды таратам деп коркутуу менен акчаларды, буюмдарды бир жолу же мезгил-мезгили менен тартып алуу аркылуу көрүнөт. Мындай аракеттер жабырлануучуга материалдык эле эмес, ошондой эле физикалык жана адеп-ахлак жактан азап чегүүлөрдөн (жан кейитүү, коркуу, басынтуу) улам моралдык зыян дагы алып келет.

МЕКТЕПТЕГИ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЗОМБУЛУК

Психологиялык зомбулук өзүнө адамдын кадыр-баркын басмырлоого, тоготпоого, бөлүүгө, көзөмөлдөөгө же социалдык жактан обочолонтууга багытталган атайылаган вербалдык жана жүрүм-турум аракеттеринин жыйындысын камтыйт. Психологиялык зомбулук адамдын өзүн өзү баалоосуна жана өзүн өзү урматтоо сезимине доо кетирип, анын «эч кимге кереги жоктугуна», коомчулук тарабынан четке кагылгандыгына, анын инсандыгынын баркы жоктугуна ынандыруучу шылдыңдоо, ат коюу (ызалантуучу аттарды ыйгаруу), мазактоо, баарлашуудан баш тартуу, топко, оюнга, спорт менен алектенүүлөргө же башка иш-чараларга кошпой коюу, ошондой эле тилдөө, орой жана басынтуучу сөздөрдү айтуу, сөгүү аркылуу көрүнүшү мүмкүн. Мисалы: «Сен эч ким эмессиң жана сен өмүрүңдө киши болбойсуң!», «Сен кызсың да, ошон үчүн жүз метрге чуркай албайсың», «Сен эч нерсе кыла албайсың, сенин ата-энең миграцияда», «Полду өзүң жуу, сен кызсың да!», «Самтырак, дайыма айрылган, дайыма ыплас кийим менен жүрөсүң». Мындан тышкары улуураак жана физикалык жактан күчтүү адам тарабынан күч колдонуу, бийлигин ачык эле көрсөтүү, окуучуларды манипуляциялоо каалоосу жана аны коркутуу болуп саналат, анын үстүнө физикалык агрессия актылары психологиялык зомбулукка тыгыз чырмалышат.   

Физикалык жана психологиялык зомбулук көп учурда оозеки же жазуу жүзүндөгү коркутуулардан (анын ичинде электрондук почта, социалдык тармактарды колдонуу), физикалык кол салуу жана жүрөгүнүн үшүн алуу, курмандыкты баш ийдирүү, аны кандайдыр бир аракеттерди жасоого мажбурлоо максатындагы башка аракеттерден башталат. Коркутуу кордоочунун жана жабырлануучунун күчтөрүнүн реалдуу жана болжолдуу теңсиздигине негизделген. Эгерде кордоочу талаптагыдай сокку албаса, адатта ал кайра-кайра коркута берет – ал системалуу болуп калат.

СЕКСУАЛДЫК ЗОМБУЛУК

Сексуалдык зомбулук – бул адамды анын каалоосу жана эркинен тышкары сексуалдык мамилелерге мажбурлоо, ошондой эле  сексуалдык мүнөздөгү кайсы гана болбосун аракеттер (анын ичинде мажбурлоого байланышпаган дагы). Зордуктоо (зомбулукту колдонуу же аларды колдоном деп коркутуу менен жасалган жыныстык мамилелер) – кош бойлуулук, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар, анын ичинде АИВ-инфекциясын жуктуруп алуунун себеби болушу мүмкүн болгон сексуалдык зомбулуктун эң акыркы даражасы.

Мындай зомбулук терең психологиялык жаракаттын пайда болушуна, өзүн өзү баалоосунун төмөндөшүнө алып келиши жана жанын кыюуга аракет жасоонун себеби болушу мүмкүн.

Сексуалдык зомбулук каалабаган кучактоо жана сылап-сыйпоо, анын ичинде башка адамдын жыныс органдарына кол тийгизүү же өзүнүн жыныс органдарын уятсыздык менен жылаңачтоо, порнография көрсөтүү, жылаңач адамды шыкаалап кароо, мисалы, чечинүүчү жайда кыздарды шыкаалоо, алар кыска юбка кийип жүрүшсө буттарын кармалоо же алардын уруксатысыз өбүү, бул өзгөчө жыныстык жетилүү мезгилинде көрүнөт. Сексуалдык зомбулукка ошондой эле кадыр-баркты басмырлоочу сөздөр жана сексуалдык мүнөздөгү жагымсыз талаптар – тийишүү, жагынуу жана асылуулар, ошондой эле мындай талаптарды четке каккан адамды кысымга алууга багытталган кайсы гана болбосун аракеттер кирет.

Көпчүлүк учурларда сексуалдык мүнөздөгү сөздөр, талаптар, асылуулар жашы жетелектерди коркутат, басынтат жана өзүн өзү урматтоо сезимдерин төмөндөтөт, ошондой эле мектепти эрте эле таштап кетүүсүнө алып келиши мүмкүн. Мындай нерсе өзгөчө кыздарда жана гендердик жактан конформдуу эмес (дал келбөөчүлүк) эркек балдарда жана кыздарда көп кездешет. Акыркы кезде Кыргызстанда балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулуктун катталган учурларынын саны көбөйүп жатат. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук үй-бүлөдө, мектептен тышкары эле эмес, ошондой эле билим берүү мекемелеринде дагы болуп жатат. Көп учурда көпчүлүк адамдар кыздар кыска кийинет, өзүнө тартып турат, боёнушат, ошону менен зордукчуну/агрессорду өзүнө тартат деп айыптоо менен анын аракеттерин акташат. Бирок ким гана болбосун курмандык болушу мүмкүн, ошондуктан зомбулук көрүнүштөрүн актоого болбойт.

Дискриминация адам менен анын улуту, жынысы, гендердик иденттүүлүгү жана сексуалдык багыты, социалдык-экономикалык абалы, диний жактан таандыктыгы, майыптыгы, өнүгүүдөгү же жүрүм-турумундагы өзгөчөлүктөрү, оорулардын же башка кайсы гана болбосун белгинин болуусунун негизинде күн мурунтан ойлонулган начар же айырмаланган мамилени билдирет.

Дискриминация: адамды айдан-ачык мазактаган жана кадыр-баркын басмырлаган сөздөр, комментарийлер, тамаша, жаман ат коюу жана тилдөө, оюндардан жана иш-чаралардан чыгарып салуу, ошондой эле жаңылыш, теңсиз мамиле аркылуу көрүнүшү мүмкүн.

Гендердик зомбулук психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулуктун формасына өтүшү мүмкүн, анын негизинде күчтөрдүн теңсиздиги жана гендердик стереотиптер жатат.

Гендердик негизде анын ичинде адамдын гендердик иденттүүлүгүн жана сексуалдык багытын жаман көрүү себептен ишке ашырылган кайсы гана болбосун зордукчул жана басмырлоочу аракеттер гендердик зомбулуктун көрүнүштөрү болуп саналат. Мисалы, «Кыздай болуп ыйлап жатат», «Математика жана физиканы эркек балдар жакшы өздөштүрөт, ал эми кыздар башка сабактарда жакшы»,   «Кулагыңарды көзөп алгандай эмне силер кызсыңарбы?»,  «Кыздар полду жууйт, эркек балдар болсо кете беришсе болот» ж.б. Гендердик жана сексуалдык зомбулук өзгөчө аял салт катары баш ийген абалды ээлеген коомдогу кыздарга жана аялдарга таасирин тийгизет. Эркектин үстөмдүк кылуучу абалын бекемдөөчү жана оройлукту өстүрүүчү социалдык ченемдер эркек балдардын агрессивдүү жүрүм-турумуна түрткү болушу мүмкүн.

Кыздар тараптан баш ийүүнү жана тил алчаактыкты күткөн эркек балдар аларга карата кысым көрсөтүшү, мажбурлашы жана күчүн көрсөтүшү мүмкүн. Өзүнүн эркектигин көрсөтүү аркылуу алар гендердик ченемдерге дал келбеген алсыздарды физикалык жана ал гана эмес сексуалдык зомбулукка дуушар кылышы, басмырлашы жана кыжырын кайнатышы ыктымал.  

3 replies »

  1. аябай жакшы маалымат берилди. класс жетекчи чон класстын окуучуларына жана ата-энелерге тарбиялык саат катары отсо болот.

Leave a Reply

Your email address will not be published.