Балдарга кам көрүү

Баңгизаттардын өспүрүмдүн организмине тийгизген таасири

398

На русском

Өспүрүм куракта көз карандылык өтө тез пайда болот, ал эми баңгизаттардын кыйратуучу таасири андан дагы катуу.

Өзүн өзү төмөн баалоо, өзүнө ишенбегендик, курбалдаштары менен мамиле түзүүдөгү кыйынчылыктар, алардын курагына мүнөздүү болгон керт башына таандык көйгөйлөрдү чече албагандык, түшүнбөөчүлүккө жана айланадагылар менен чыр-чатактын келип чыгышына алып келет. Ошондуктан кээ бир өспүрүмдөр чыңалууну жоюу,  өзүнүн эмоционалдык абалын өзгөртүү жана көйгөйлөрдү эстебеш үчүн баңгизат колдоно баштайт. Ата-энелер тарабынан мээримдин жетишсиздиги, орой мамиле жана басынтуу, өспүрүмгө карата жогорку талаптарды коюу анын баңгизаттарды пайдалануусуна түрткү бериши мүмкүн. Өспүрүмдөр баңгизаттарды жөнөкөй эле кызыгуудан, жаңы, адаттан тышкары сезимдерди издөөдөн улам колдоно баштаган учурлар сейрек эмес.

Республикада көбүрөөк жайылган баңгизаттар марихуана, гашиш, героин жана уулуу заттар (клей, бензин, эритмелер) болуп саналат. Акыркы убактарда жаңы синтетикалык баңгизаттар – экстази, спайстар, туздар, чегүүчү аралашмаларды пайдалануу байкалууда. Өспүрүмдөрдүн баңги каражаттарын пайдалануусу ар кайсы органдарда жана системаларда оорулардын (боор, жүрөк-кан тамыр, нерв, дем алуу системасынын, ашказан-ичеги тутумунун жана башка оорулардын) пайда болуусуна алып келет. Дозасы ашыкча болгон учурларда дем алуунун жана жүрөктүн токтоп калуусу мүмкүн, анын жыйынтыгы өлүм менен аякташы ыктымал. Мындан тышкары, баңгизат өспүрүмдөрдүн психикасынын өзгөрүүсүнө дагы таасирин тийгизет. Организм күчтүү өсүү мезгилинде ансыз дагы стрессге дуушар болуп жатканы аз келгенсип, баңги каражаттары дүйнөнү нормалдуу жана адекваттуу кабыл алууну бузат, нерв системасын начарлатат. Өзгөрүүлөр жашоонун бардык аспекттерине таасирин тийгизет. Ошол эле учурда бардыгы – баалуулуктар, дүйнө тааным, айланадагыларга жана өзүнө болгон мамиле өзгөрөт. Жүрүм-турумду божомолдоого мүмкүн эместик жана агрессивдүүлүк өз ара мамилелерде көйгөйлөрдүн келип чыгуусуна алып келет.      

Leave a Reply

Your email address will not be published.