Балдарга кам көрүү

Өмүрдү сакта! Баңгизаттар тууралуу фактылар менен бөлүшүңүз

601

Жыл сайын 26-июнь бүткүл дүйнөдө баңгизаттарын кыянаттык менен пайдалануу жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү күнүн белгилейт.

Республикалык психиатрия жана наркология борбору Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору менен биргеликте “Өмүрдү сактап кал” улуттук кампаниясын жарыялайт. Баңгизаттар тууралуу фактылар менен бөлүшүңүз».

Акциянын алкагында бир катар профилактикалык иш-чаралар, ошондой эле «Баңги заттары тууралуу фактылар менен бөлүш» QUIZ-түнү өткөрүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө ВИЧке экспресс-тесттен өткөрүү, профилактикалык ыкмалар, анын ичинде Тейлөө терапиясы жана Экспозицияга чейинки профилактика сыяктуу программалар жөнүндө сөз кылуу пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасында баңгичилик көйгөйү миңдеген адамдарды жабыркатат. Наркомания жана жаңы психоактивдүү заттарды колдонуу популярдуулукка ээ болууда.

Баңги заттарды колдонгон адамдардын көбү стигмага жана дискриминацияга туш болушат, бул алардын физикалык жана психикалык ден соолугуна дагы зыян келтириши мүмкүн жана аларга керектүү жардамды алууга тоскоол болот.

Быйылкы өнөктүктүн максаты – баңги затын колдонгон адамдарга урмат-сый жана боорукердик менен мамиле кылуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү. Кампания баңгизатын колдонгон адамдарга карата стигма жана дискриминация менен күрөшүүгө багытталган, тилди жана мамилени сыйлоо жана соттоо эмес.

БУУнун маалыматы боюнча, 2020-жылы дүйнө жүзү боюнча 15 жаштан 64 жашка чейинки 284 миллионго жакын адам баңги затын колдонгон. 2010-жылдан бери баңгизатты колдонуу 26 пайызга өскөн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) 2022-жылга карата отчетунда айтылат.

2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасында баңгизат менен жабыркаган 7672 адам расмий каттоодо турат, анын ичинен 442си аялдар, 7230у эркектер. 26-июнда биз бардыгын баңгилик көйгөйү, алдын алуу чаралары тууралуу маалыматты жайылтууга жана социалдык тармактарда сергек жашоо образын активдүү пропагандалоого көмөктөшүүгө чакырабыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.