Иммунопрофилактикада иштелип чыккан эмдөө календарына ылайык, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен жөнгө салынуучу балдар жана чоңдор арасындагы милдеттүү профилактикалык эмдөөлөрү белгилүү бир мөөнөттөрүнө ылайык жүргүзүлөт.
2021-жылдын жыйынтыгы менен Базар-Коргон райондук ооруканасында пландык эмдөө иштери уланууда. Жалпы Базар-Коргон району боюнча 156 480 калк бар. Анын ичинде балдар жана чоңдор арасында пландык эмдөө иштери жүрүп жатат.
Базар коргон районунуна караштуу Жалпы практикалык дарыгерлер борборунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иммунолог дарыгери Жантемир Абдиев төмөнкүлөргө токтолду:
“Учурда Базар-Коргон аймактык ооруканасында профилактикалык эмдөөлөр жүрүп жатат, статистиканы алсак 2021-жылдын жыйынтыгында 9 айлык балдардын пландык эмдөөсүнүн көрсөткүчү 80% дан жогору болду. Ал эми 11 айлык балдардын көрсөткүчү 92%ды түздү. Бул жалпысынан жакшы көрсөткүч. Бирок муну менен токтобойбуз, планды толтуруу иштерин аягына чейин улантабыз.
Эмдөөгө каршы болгон ата-энелер бар, аларга Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымдары түшүндүү иштерин жүргүзүп жатышат. Кээ бир түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон ата-энелерге айла жок, кагаз жаздырып алабыз. Себеби биз аларды милдетүү түрдө кыйнай албайбыз”
Categories: Эмдөө
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
675 

саламатсыздарбы мен, Арзыматов Мирбек Кушбекович ,мен цероз печен менен ооруп калгам больницада 5кундон бери жүрөм карабай жатышат жеке дарылоо мекемесине жиберишти жеке ал жакта мечта жок деп койушту 5 баланын Атасы болом 4 жыл мурда Апасы каза болгон айлам кетти эмне кылыш керек? тел+996551707287