ЖАҢЫЛЫКТАР

Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына кошумча оорукана курулат

274

Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына кошумча оорукана курулат.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Анын айтымында, оорукана 75 орунга ылайыкталып, заманбап медициналык жабдуулар орнотулган 3 кабаттуу имарат болот.
Бейтапкананын негизги бөлүгүн хирургия жана кайра жандандыруу бөлүмдөрү түзөөрү пландалууда.

Курулуш иштери Катар мамлекети тарабынан каржыланат.
Жалпысынан 1 млн долларга жакын каражат бөлүнүп, тийиштүү документтерге кол коюлду.
Бугункү күндө оорукананын курулуш иштери башталды жана бир жылдын ичинде толук бүтүрүү жоопкерчилиги Лидер Хаус компаниясына жүктөлдү.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.