ЖАҢЫЛЫКТАР

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акция

468

5-апрелде Бишкекте 2024-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган спорттук-маалыматтык иш-чара өттү.

Иш-чарага борбор калаанын кары-картаңдары жана коноктору катышып, жугуштуу эмес жана жугуштуу оорулар боюнча маалыматтык-билим берүүчү материалдардын көргөзмөсү уюштурулуп, ар бир адам кандагы кантты жана кан басымды бекер өлчөй алды.


Ошондой эле улгайган адамдардын катышуусунда уюштурулган флешмоб жана скандинавиялык басуу, биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс өткөрүлдү.


Бул компания активдүү узак жашоону илгерилетүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолук маалымдуулугун жогорулатууга көңүл буруу үчүн иштелип чыккан.
Ден соолук күнүнүн демилгечилери Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен чогуу Карылар ресурстук борбору жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому, Бишкек ден соолукту чыңдоо борбору жана башка өнөктөштөр менен бирге өткөрүлдү.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.