Физ. активдүүлүк

Бишкек жана Ош шаарларында «Достук кубогуна» ЖОЖдор аралык спартакиадалар болуп өттү

382

28-29-апрелде өлкөнүн эки шаарында «Достук кубогуна» ЖОЖдор аралык спартакиадалар өткөрүлдү.

Спорттук иш-чара Бишкек шаарында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин, Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин жана Б.Сыдыков атындагы Өзбек Эл аралык университетинин студенттерин чогултту.

Интернационалдык командалар футбол, волейбол, баскетбол жана аркан тартышуу боюнча мелдешке чыгышты – мына ушул жерден командалык кызматташуунун чыныгы духу өзүнүн күчүн көрсөттү!

Спорттук кумар, жеңиштердин кубанычы, достук чөйрөсү катышуучуларды дагы, күйөрмандарды дагы коштоп жүрдү.

Жеңүүчү командалар ар бир дисциплинада «Достук» кубоктору менен сыйланышты, ал эми ЖОЖдордун катышуучуларына жана жетекчилерине медалдар жана ыраазчылык каттар ыйгарылды.

Спартакиада студенттер арасында физикалык активдүүлүктүн өнүгүүсүнө эле эмес, ошондой эле ар кандай ЖОЖдор жана өлкөлөр арасындагы катышуучулардын арасындагы достук байланыштарды түзүүгө түрткү берди.

Бул ошондой эле жаштардын өзүн спортто көрсөтүүсү, өз командаларын колдоо жана позитивдүү мелдештердин энергиясынан кубат алуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү.

 «Спартакиада сыяктуу мындай иш-чаралар, бардык катышуучу-жамааттарга өзүнүн командалык духун жана ынтымагын көрсөтүүгө, ал эми достук чөйрө ишенимдүү досторду табууга жол ачат»,-деп белгилешет уюштуруучулар.

Спартакиада Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы КР ССМга караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте, Миграция боюнча эл аралык уюмду өнүктүрүү фондунун (IDF) каржылык колдоосу астында жүзөгө ашырып жаткан “Ынтымак жолу” программасынын алкагында өттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.