Алкогол

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ЗЫЯНДУУ АДАТТАРДЫ АЛДЫН АЛУУ

202

Эгерде силердин балаңар өспүрүм болсо, демек силер үчүн дагы жана ал үчүн дагы жаңы мамилелерди түзүүнүн оор мезгили башталды. Өспүрүм курактын дагы бир аталышы “өткөөл курак”. Бул өсүп келе жаткан адам анын жүрүм-турумун ата-энелери көзөмөлдөп келген балалыктан өздүк чечимдерди кабыл алууну талап кылган чоңдордун жашоосуна өзүнүн биринчи кадамдарын жасап жаткан мезгил. Өспүрүм ага буга чейин жүктөлүп келген чектөөлөрдүн чегинен, алардын мыйзамдуу экендигине ишенүү үчүн же четке кагуу үчүн андан чыгууга умтулат. Бул сыртынан караганда кыжырлантуучу жүрүм-турумдай көрүнөт: бала үйгө кеч келет, тамеки чегип жана ичимдик ичип көрөт, үй-бүлөлүк салттарды тоотпойт жана ата-энелердин кеңештерине көңүл бурбайт. Өспүрүмдүн жоопторуу өтө эле карама-каршылыктуу. Бирде алар аны жайына коюусун талап кылат жана үй-бүлө ага сунуштоого аракеттенип жаткан кайсы гана болбосун жардамды четке кагат. Андан кийинки учурда ал жакындарынын колдоосуна ээ болгусу келип, алардан көңүл бурууну издейт.

Мындай жүрүм-турумду “изилдөөчү” деп атаса туура болмок. Өспүрүм өзүнүн жашоодогу позициясын иштеп чыгуу үчүн ар кандай нерселерди жасап көрөт.  Ушул мезгил ичинде көз карандысыздыкка умтулбаган балдар алардын “баш ийбеген” курбалдаштарына караганда келечеги анчалык ийгиликтүү болбой чоңоюшу мүмкүн.    

Демек, “изилдөөчү” жүрүм-турум ал тургай баланын бир эле жолку тикеден-тике катташ болуусу да анын жашоосун талкалап коюуга жөндөмдүү болгон нерселер сыяктуу  көрүнүштөргө тиешелүү болмоюнча, тынчсыздануу үчүн негиз болуп саналбайт.  Дал ушул категорияга психоактивдүү заттарды, биринчи кезекте баңгизаттарды колдонуу тиешелүү.

Алкоголь ичимдиктери, баңгизаттар жана дары каражаттарынын айрым түрлөрү адамдын психикалык жана физикалык саламаттыгын бузушу мүмкүн. Бирок өспүрүм көз каранды болуу коркунучуна кептелүү менен аларды татып көрүүнү улантат. Алар көп учурда “өткөөл” курак үчүн мүнөздүү болгон кайсы бир белгисиз нерсени изилдөө, “тагдырын сынап көрүү” каалоосунан улам ушундай кадамдарга барышат.

Ар бир бала ушул жашоо баскычына өзүнчө башынан өткөрө тургандыгына карабастан, айрым өзгөчөлүктөр жана жүрүм-турум белгилери ушул курактагы балдардын көпчүлүгүнө мүнөздүү:

Организм кыйла физиологиялык өзгөрүүлөрдү башынан өткөрөт.

Ушул мезгил ичинде адамдын калыптануусуна жыныстык жетилүү процесси көп таасирин тийгизет.

Мүнөзү, шыгы, кызыкчылыктары өзгөрүшү мүмкүн.

Сезимталдуулугу тереңдейт, маанайы кескин төмөндөйт, эмоциясын кармана албайт.

Өспүрүм курактагы негизги иши курбалдаштары менен мамиле түзүү болуп саналат.

Өспүрүмдөр ата-эненин көзөмөлүнө каршылык кылышат, бирок ошол эле учурда жакындары тараптан колдоого абдан муктаж болушат.

Курбалдаштарынын жана айланасындагылардын таасири өсөт: өзүн-өзү баалоосу курактык топтогу тышкы баалоо жана статустан көз каранды.

Баалуулуктардын өздүк системасы калыптанат.

Балдар “чоңоюнун” жана аларга бала сыяктуу мамиле жасоонун ортосундагы карама-каршылыкты башынан өткөрүшөт.

Экстремалдуу жана тобокелдүү жүрүм-турумга карата жакындык пайда болот.

Тобокелчиликтерди алдын алуу

Тобокелдүү жүрүм-турум бардык өспүрүмдөргө эмес, бирок алардын көпчүлүгүнө мүнөздүү. Дал ушул куракта силердин балаңарда ушул дүйнөнүн бекемдигин текшерип көрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Тобокелдүү жүрүм-турум дайыма курчап турган мейкиндикти өздөштүрүүгө багытталган – бул тааталдашкан таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн кошумча продуктусу. Көп учурда алар жада калса өздөрүнүн жүрүм-туруму коркунучтуу экендигин ойлошпойт.

Ошондуктан ата-энелер өз учурунда алдын алуу жана мындай жүрүм-турумдун мүмкүн болгон терс кесепеттерин азайтууда ар бир өспүрүм үчүн тобокелчиликтин маанисин, түрткү болгон себебин жана мүмкүн болгон кесепеттерин түшүнүүсү маанилүү.

Ата-энелер бул алардын жалгыз баласы болсо, аны дайыма коркунучтардан жана кырсыктардан сактоого умтулушат. Бирок ата-энелердин мындай жүрүм-туруму алардын балдарынын тагдырына кандай таасирин тийгизет? Мындай адамдар коркунучтан – демек, жаңы кырдаалдардан, жаңы маалымат, жаңы кайгыруулардан, кандай гана болбосун жаңы тажрыйбадан качууга умтулушат. Ата-энелер тарабынан балдарды өз алдынчалыктан ажыратуучу ашыкча камкордук көрүлүшү бала жамаат ичинде өзүн көрсөтүүнү, курбалдаштарынын кысымына каршылык көрсөтүүнү үйрөнө албай калуусуна алып келет, ал бирөөнүн сөзүнө оңой көнөт, алдамчылыктын же башкаруунун курмандыгы болуп калышы ыктымал. Мындай кырдаалга башка дагы бир акыркы чек – ата-энелер тараптан көзөмөлдүн жоктугу, балага толук иш-аракет эркиндигин берүү алып келиши мүмкүн.

ТАМЕКИ ЧЕГҮҮ

Тамеки – ит жүзүм түркүмүндөгү бир жылдык өсүмдүк. Кургатылган жалбырактар атайы иштелип чыккандан кийин майдалап, тартуу үчүн колдонушат. Тамеки жалбырагынан 2500 зат бөлүнүп чыгат. Тамеки анын негизги заты болгон никотин үчүн пайланылат. Аны тартууга болгон кумардын өсүшү никотинге байланыштуу. Тамекинин сортуна жараша 0,8ден 4%ке чейин никотин бар. Бир даана сигарет тарткан адам 0,4төн 3,5 мг никотинди алат (4 мг дозасы интоксикацияга (ууланууга) алып келет, ал эми 60-70 мг өлүмгө дуушар кылат). Тамеки адамга өтө катуу таасирин тийгизет: бетте бырыштар пайда болот; көздүн көрбөй калуусуна алып келүүчү катаракта коркунучу көбөйөт; ооз көңдөйү жана тамактын ракка учуроо коркунучу бар, ошондой эле псориаз, өпкө оорулары, ашказан жарасы жана жүрөк оорулары пайда болот; манжалар жана тырмактар саргаят.

Эреже катары, чылым чегүү өспүрүмдүн өзүн чоң адам катары сезүүдөгү биринчи жана кыйла кеңири тараган сынап көрүүсү болуп бара жатат.

Тилекке каршы, көптөгөн ата-энелер, көпчүлүк учурда мектеп дагы буга дээрлик толеранттуу карашат.

Көптөгөн өспүрүмдөр чылым чегип башташынын негизги себептери катары: чоңдордой көрүнгүсү келүү, өспүрүм чөйрөсүнө кабыл алынуу каалоосу, стресстен чыгуу ж.б. аташат. Жаш чылым чегүүчүнүн курагы канчалык кичине болсо – көз карандылык ошончолук тезирээк калыптанат.

Тамеки чегүүнү баштап алгандан кийин айрым өспүрүмдөр 16 жашында эле буга абдан өкүнүшөт, бирок токтото албай тургандыгын сезишет. Ошондуктан чоңдордун милдеттеринин бири – чылым чеккен учурдун башталышын кийинкиге калтыруу. Мындан дагы жакшысы – ага такыр эле жол бербөө, анткени чылым чегүү башталаары менен башка баңгизаттарын чегип көрүү тобокелчилиги жогорулайт!

Эгерде бала чеге баштаган болсо, эң жакшы жол – ал эмне үчүн мындай кылгандыгын токтоолук менен териштирүү. Эгерде өспүрүм тамеки чеккен досторунун шылдыңдоосунан чочулап компания үчүн чеге баштаган болсо, чылым чегүүдөн баш тартуу – бул индивидуалдуу болуунун белгиси экендигин, аны өз алдынча тандоосу үчүн мындан дагы көбүрөөк сыйлап калыша тургандыгын айтып түшүндүрүү керек.

Эгерде чылым –  бул өзүнүн чоңойгондугун көрсөтүү ыкмасы болсо, анда муну башкача билдирүүнү, мисалы, өзүнө жоопкерчилик алуу, чечим кабыл алууга көбүрөөк катышуу, өзүнүн көз карашын талашууга үйрөнүү – жалпысынан өзүн чоңдорчо алып жүрүүнү сунуштагыла.

Балдарды чылым чегүүдөн кантип кармап калуу керек? 

1- Жазалоо эрте чылым чегүүнүн себептерин жойбойт! Ал баланын ата-энеге болгон ишенимине зыян гана келтирет.

2- Өспүрүмдү коркутуунун кереги жок, чылым чегүүнүн зыяны тууралуу маалымат так жана актуалдуу болууга тийиш.

3- Ата-энелердин өспүрүмдөрдүн көзүнчө чылым чегүүсү жол бергис нерсе! Өспүрүмдөр үчүн чылым чегүүгө тыюу салуу негиздүү жана себептүү болушу керек!

4- Чоңдор балдарына: алар өздөрү ушул жаман адаттан кутулууга күчү жетпей жаткандыктан чегип жатабыз деп өздөрүнүн алсыздыгын ачык мойнуна ала турган болсо кадыр-баркын жоготушпайт. Бул балдарда чылымга карата туура мамилени пайда кылат жана ата-энелерине карата ишенимин жогорулатат.

5- Ата-энелер чылым чегүүдөн биринчи болуп бошонуусу керек.

6- Балага чылым чегүүдөн алаксыганга жардам бергиле.

7- Балдарга насаат кылуунун кереги жок,  андан көрө балдарыңарды эгерде адам бир нерсеге жетүүнү кааласа, бардыгы колунан келет деп ишендирүү менен аларды колдоо керек.

АЛКОГОЛЬ

Алкоголь этилдик спирт, этанол. Бардык спирт ичимдиктеринде бар жана мас кылуучу таасирге ээ. Организмди дүүлүктүрүп, нерв системасына таасирин тийгизет. Медициналык көз караштан алганда, аракечтик – бул биринчи кезекте алкоголь ичимдигине өтө берилүү менен мүнөздөлгөн оору, аны колдонуу адамдар ортосундагы жана коомдук мамилелерди бузуучу олуттуу психикалык жана физикалык бузулууларга алып келет.

Өспүрүмдү алкоголь ичимдигин биринчи жолу ичип көрүүгө түрткү бере турган жеке себептерден тышкары буга көмөктөшүүчү бүтүндөй бир катар социалдык факторлор бар. Мисалы, ошолордун бири:

Алкоголдук жана алкоголу аз ичимдиктер өспүрүмдөр үчүн кол жетерлик. Жашы жетелектерге алкоголь сатууга тыюу салууну жөн гана айланып өтүү жетиштүү (буга өспүрүмдөр өздөрү күбө болушат).

Заманбап коомдо алкоголь ичимдиктерин ичүү, тамеки чегүү сыяктуу эле чектен чыгуу катары каралбайт, ал дээрлик социалдык жактан ылайыктуу жүрүм-турум катары эсептелет.

Көпчүлүк өспүрүмдөр көп учурда сыра жана алкоголу аз коктейлдерди алардын “жеңил” деп аталган алдамчылыгына ишенүү менен ичишет. Наркологдор сыра жана алкоголу аз суусундуктар тезирээк көндүрөт жана күчтүү ичимдиктерден кем калышпаган күчтүү көз карандылыкты пайда кылат деп эскертишет. Көп учурда достору, туугандары же ата-энелери үзгүлтүксүз ичкен өспүрүмдөрдө туруктуу көнүп кетүү пайда болот.

Алкоголь ичимдиктерин ичүү себептеринин арасында өспүрүмдөр көп учурда жакшы маанайды күчөтүү же начар маанайды түзөтүү, көйгөйлөрдөн алаксуу, карама-каршы жыныстагылар менен пикир алышууну жеңилдетүү, өзүн чоң адам сезүү, теңтуштарынан артта калбоо экендигин аташат. Башка себептер – кызыгуу, “жөн эле”, “кылаарга иш жок болгондуктан” жана үй-бүлөлүк майрамдар жана салтанаттар.

Өспүрүмдөрдүн алкоголь ичүү менен байланышкан тобокелчиликтери:

Кырдаалды мас болгон абалында адекваттуу эмес кабыл алуу – тобокелдүү жүрүм-турум, жаракаттар, кырсыктар.

Алкоголь ичимдигинин таасири астында корголбогон жыныстык байланыштар, зомбулуктун объектиси болуунун жогорку тобокелчилиги.

Көз карандылыктын тынымсыз калыптануусу.

Гормоналдык бузулуулар.

Ашыкча колдонуунун жыйынтыгындагы тукумсуздук (буга кыздар дагы, эркек балдар дагы дуушар болушат).

Баланын алкоголь ичүү көйгөйүнөн качуу үчүн эмне керек

Башкысы – бул балдардын жана ата-энелердин бекем мамилелери. Эгерде өспүрүмдөрдүн үй-бүлөлөрүндө энеси же атасы менен  жылуу, жакын жана боорукер мамиле өкүм сүрсө, аларга спирт ичимдиктерин эрте колдонуу мүнөздүү эмес. Эгерде балдарда жакындары менен бекем байланыш бар болсо, анда алар курбалдаштарынын алкоголь ичимдиктери жана баңгизат колдонуу боюнча кысымына азыраак берилишет. Башкысы –  балдар ата-энелери менен жакын байланыш үчүн гана өздөрүнүн жүрүм-турумун алардын күткөндөрүнө ылайык калыптандырышат.

Тилекке каршы, көпчүлүк өспүрүмдөр ата-энелердин бирөөсү менен тыгыз байланышта эмес, ошондуктан абдан азап чегишет. Эгерде ата-энелер бала алардын көңүл бурууларына агрессия же оройлук менен жооп берип жатканын сезсе, анда алар өзүнүн баласына кичине кезинде жетишерлик убакыт бөлгөн эмес, анын көйгөйлөрүнө, кызыкчылыктарына кызыккан эмес же ал бет келишкен кыйынчылыктардын баасын жокко чыгарышкан.

Көпчүлүк ата-энелер балалык – бул бактылуу учур жана башкача болушу мүмкүн эмес, өспүрүмдөрдө олуттуу көйгөйлөр болбойт, алар чоңдордун жашоосуна аралашкандан тарта башталат деп ишенишет. Бирок бул туура эмес көз караш, өспүрүмдөрдө аларды туңгуюкка такаган толгон-токой көйгөйлөр бар. Балада али коргонуу механизмдери жок, анын жеке сапаттары калыптана элек болгондуктан, ал оор кырдаалда өзүнө таяна албайт. Ошондуктан чоңдор үчүн  болбогон нерсе болуп сезилген нерсе – өспүрүм үчүн олуттуу кыйынчылык.

Эгерде ата-энелер өзүнүн баласына колдоо көрсөтпөсө, анда ага кыйынчылыктарды жеңүү жана өзүн коргоо ошончолук кыйын. Өспүрүм көз карандысыз экендигин көрсөтүп жаткандыгына карабастан ага чоңдордон колдоо, таяныч жана кыйынчылыктарды жеңүү үчүн тажрыйба керек. Эгерде ата жогоруда саналып өткөн бардык талаптарга тоотпогондук менен мамиле кылса, анда убакыт өтүшү менен өзүнүн баласы менен ачык сүйлөшүүнү баштоо кыйыныраак болуп калат.

Бирок бардыгы жайында болгон, адамдар баланын жашоосуна кызыккан, жардам берген, анын жашоосунда эмне болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылган, ал эми өткөөл курактын учурунда өзүнүн баласын такыр тааныбай калган башка дагы сценарийлер бар.

Тилекке каршы, ата-энелердин кырдаалды көрүүсү аны өспүрүм көрүп жаткандагыдан айырмаланып турат.

Өзүнүн баласы менен жылуу ишенимдүү мамилелер үчүн негиз салууга жардам бере турган бир канча жөнөкөй кеңештер бар.

Жооптору “ооба” же “жок” дегенди билдирген суроолорду бербегиле.

Силерди бир нерсе кыжырлантып турса дагы, жарылып кетүүгө жол бербестен, өзүңөрдүн эмоцияларыңарды көзөмөлдөгүлө.

Өзгөчө ачууланып жаткан учурда, өзүңөрдүн кайгырып жаткандыгыңар тууралуу билдиргиле, өзүңөрдүн сезимдериңердин себептерин түшүндүргүлө. Бул баланы дагы өзүнүн эмоцияларынын себептерин ажыратуу менен аны көзөмөлдөөсүнө үйрөтөт.

Көйгөйлөрдү талкуулап жаткан учурда анын керт башына асылбагыла.

Ишенимдүү сүйлөшүүнү сынакка айландырбагыла.

Ага камкордук көрөрүңөрдү жана аны жакшы көрөрүңөрдү жашырбагыла.

Силер баланын жүрүм-турумунан эмнени күтөрүңөрдү аныктап алгыла.

Жүрүм-турум эрежелерин орноткула.

Натыйжасыз талап кылууну талап кылуу деп эсептөөгө болбойт.

Баланы сыйлагыла, болбосо ал силерди сыйлабай калат.

НАСВАЙ

Насвай – тамеки же “нас” өсүмдүгүнүн, щелочь (өчүрүлгөн акиташ), өсүмдүктөрдүн күлү, май, татымалдардын аралашмасы. Тооктун кыгы, төөнүн тезеги жана марихуана (кара куурайдан алынган чөп) кошулушу мүмкүн. Насвай – бул жашыл бүдүрлөр же күрөң-боз түстөгү күлмайда зат. Жаңы насвай ири, тоголок жашыл данчалардай көрүнөт, ал эми эскиси күлмайдага көбүрөөк окшош жана дээрлик кара түскө ээ. Насвай фабрикада даярдалбайт. Аны өндүрүү үй шарттарында уюштурулат.


Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун изилдөөсүнүн жыйынтыктары боюнча республикадагы окуучулардын 56,6% насвайды чегип көрүшкөн.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү тартуу факторлору:

анын дээрлик кол жетерлик болушу;

ачык сатылышы;

баасынын төмөндүгү;

насвай тууралуу жалган нерселер.

Насвай колдонуучулар тарабынан жайылтылган жалган нерселер

1. Өспүрүмдөр насвай колдонуунун себеби катары аны колдонгон соң тамеки чеккиси келбей тургандыгын аташат. Айрымдары насвайды тамеки чегүүнү токтотуучу каражат катары, экинчилери – өзүнөн жыт же түтүндү билдиргиси келбеген учурда тамекинин ордун басуучу катары тааныштырышат.

2. “Тез таасир берет, сабактардын ортосунда же мектептеги танапис учурунда эс алууга болот” – насвайды түз эле мектептен сунуштагандар өспүрүмдөргө дал ушуга ишендире тургандыгы айдан ачык.

3. Колдонуучулар насвай тиштерди кариестен сактоого мүмкүнчүлүк берет деп ынандырышат, бирок чынчыл колдонуучулар тиштер менен коштошууга боло тургандыгын жазышат.  

Насвайдын кыска мөөнөттүк таасири

Ооз көңдөйүнүн былжырлуу челинде жергиликтүү дуулдаткан күйгүзүү, баштын, андан кийин дененин бардык бөлүгүнүн салмактануусу, көңүл чөгүү, шилекейдин кескин түрдө бөлүнүүсү, баштын айлануусу, булчуңдардын бошоңдошу, эриндерде ыйлаакчалардын пайда болушу.

Айрымдар насвайдын таасири тамеки чегүү тажрыйбасына ээ болгондордо азыраак даражада болушу мүмкүн деп божомолдошот, бирок андай эмес. Насвай тамеки чегүүнү алмаштыра албайт.

Насвайды көпкө чейин чеккендер бул таң калычтуу уунун дуулдатып күйгүзгөнүн, жагымсыз жытын жана даамы сыяктуу белгилерин сезбей калышат. Бирок дал ошол учурда анын жыты айланадагылардын бардыгы үчүн айдан ачык болушу мүмкүн.

Ошондой эле насвай колдонуучулар жаңыларга таасирин алдын ала божомолдоо мүмкүн болбогондуктан, аны алкоголь ичимдиги менен айкалыштырууга болбой тургандыгы тууралуу эскертишет. Насвайды колдонуу менен уулануучу өлчөмдү оңой эле алууга болот, андан улам өзүн кескин түрдө жоготуп коюшу, ал гана эмес эсинен танып калышы да ыктымал, анткени өз өлчөмүн эсептөө абдан кыйын.

Насвай колдонгон өспүрүмдөрдө:

эске тутуу, кабыл алуу боюнча олуттуу көйгөйлөр, дайыма чарчап туруу, абдыроо, токтоно албоо мүнөздүү, алар окуу материалын талаптагыдай өздөштүрүүгө жөндөмдүү эмес, психикалык өнүгүүсү кечеңдейт;

жеке сапаттарынын өзгөрүүсү, психикасынын бузулушу байкалат, абдыраган абалдын өтүп кетпеши кыжырлантат;

насвайды үзгүлтүксүз колдонгон өспүрүмдөр көп өтпөй эле андан оорураак баңгизаттарга өтүшү ыктымал.

Төмөндөгү ооруларга алып келүүчү узак мөөнөттүү кесепеттер:

эрин, кекиртек, тилдин ракка чалдыгышы;  

никотинден болгон көз карандылык, бул адамдын организми насвайды дайыма талап кыларын же адам насвай чегүүчү болуп кала тургандыгын түшүндүрөт. Никотиндин таасири астында кан тамырлардын капталдары ичкерет жана инсульт өөрчүшү мүмкүн;

жүрөк айлануу, кусуу жана ич өтүү;

тиштердин жана алардын тамырларынын бузулушу;

гастрит жана ашказандын жарасына алып келиши мүмкүн. Эгерде шилекей насвай чегип жаткан учурда ашказанга кирип кетсе, анда щелочь ашказандын былжыр челин оюп жиберет;

бөйрөк жана боордун уулануудан жапа чегиши;

 инфекциялык оорулар (мисалы, гепатит);

насвайды колдо даярдоо продуктынын тазалыгына кепилдик бербейт;

тукумсуздукка алып келет, ал эми бузулуп калган жан жер мүчөлөрүнүн функцияларын калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн эмес.

Эгерде силер бала насвай колдонуп жүргөндүгүн билип калсаңарчы?

Бул көйгөйгө олуттуу, коркутууларсыз жана жазалоосуз мамиле кылгыла.

Урушуу, коркутуу жана жазалоонун таасири аз, өспүрүмдү дагы көбүрөөк кыжырлантышы мүмкүн.

Силердин жана баланын ортосунда ишенимдүү жана чын жүрөктөн болгон мамиле түзүүгө аракеттенгиле, муну менен анын көңүлүн зыяндуу адаттардан алаксыта аласыңар.

Өзүңөрдүн балаңарды (кызыңарды) анын каалоолорун, анын балалык таарынычтарын жана корккон нерселерин суроо аркылуу  жакшылап билгиле.

Психологго кайрылгыла. Психолог менен иштөө силердин балаңар үчүн дагы, ошондой эле силер, ата-энелер үчүн дагы  психологиялык түзөтүүнүн эң эле натыйжалуу ыкмасы болот.

БАҢГИЧИЛИК  ЖАНА ТОКСИКОМАНИЯ

Баңгичилик жана токсикомания – бул психоактивдүү заттарды ПАЗ (дары каражаттарын, химиялык жана өсүмдүк заттарын) колдонуу себептүү болгон, психикалык (ушул өзгөрүлгөн абалды кайра-кайра башынан өткөрүүгө болгон умтулуу), анын жыйынтыгында дене бой жактан көз карандылыктын өөрчүшү менен мүнөздөлгөн, психикалык жана соматикалык бузулуулар, адамдын өзгөрүүсү.

Баңги колдонуу өспүрүмгө кандай коркунуч алып келет

Баңгизатын колдонуп жүргөн өспүрүмдө психикалык жана дене бой жактан көз карандылык калыптанышы ыктымал.

Психикалык көз карандылык – бул баңгиге өтө берилүү, барган сайын адамдын мурдагы бардык кызыкчылыктарын жана  жакшы көргөн нерселерин сүрүп чыгаруу менен аны колдонуу адамдын жалгыз максаты болуп калат.

Дене бой жактан көз каранды болууну   баңги организмдин алмашуу процесстеринен орун алып жана дене ансыз толук баалуу иштей албай калган учурду айтат.

Дене бой жактан көз карандылыкты калыптандырган затты колдонуу токтогон учурда абстиненттик синдром же «талкалоо» башталат. Бул абал температура болуу, жүрөк айлануу, жүрөктүн тез-тез кагышы, булчуңдардагы оору сыяктуу көптөгөн оорутуучу симптомдордун пайда болуусун камтыйт. Ал баңги колдонууну кайра жандандырган учурда жоголот.

Акырындап организм колдонулуп жаткан затка көнүп калат жана мурдагы натыйжаны алуу үчүн өлчөмдү көбөйтүүнү же күчтүүрөөк баңгиге өтүү талап кылынат. Бул көрүнүш толеранттуулук деп аталат жана баңги колдонуучуну барган сайын анын ден соолугу үчүн кыйратуучу күчтүү каражаттарды колдонууга мажбурлайт.

Дене бой жактан көз карандылык белгилүү бир баңгизаттарды колдонуудан улам келип чыгат. Анын калыптануусуна адамдын эрки же каалоосу таасир эте албайт.  Бул өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу оору. Баңгизатты үзгүлтүксүз кабыл алуу башталгандан кийин  жабырлануучу 12 жылдан көп эмес өмүр сүрүшү мүмкүн. Ал эми героин колдонуучулар үчүн бул мөөнөт беш жылдан көп эмес.

Ашказан-ичеги тутуму, боор, бөйрөк, өпкө, жүрөк олуттуу бузулуп, организмдин баңгизат тарабынан бузулушунан улам адам өлүмгө учурашы мүмкүн. Баңгизат үчүн бута болуп саналган мээ жана нерв системасында ордуна келгис өзгөрүүлөр жүрөт. Мунун жыйынтыгында адамдын кыйроосу жана кем акылдык, ошондой эле неврологиялык бузулуулар, мисалы, шал болуу келип чыгат.

Ал эми организми баңги тарабынан керектен чыкпагандар КИЖС, гепатит, баңгиге мас болгон абалда алган жаракаттардан улам көз жумат.

Өспүрүмдө баңгиден болгон көз карандылык  канчалык эрте аныкталса, ал кутулууга ошончолук көп мүмкүнчүлүктөргө ээ, анткени учурда абдан жайылып жаткан сапатсыз уулуулугу өтө жогору болгон каражаттарды ашыкча колдонуу же алардан уулануудан улам ар бир колдонуу акыркы болуп калышы мүмкүн.

Балаңардын жүрүм-турумундагы жана тышкы көрүнүшүндөгү өзгөрүүлөргө кунт коюп көңүл бөлгүлө. Алар баңгизаттарын колдонуп жаткандыгынан белги бериши мүмкүн.

Өспүрүмдүн  баңги менен мүмкүн болгон алектенүүсүнүн белгилери

Психикалык белгилер

маанайдагы күтүүсүз өзгөрүүлөр: кубануудан муңаюуга, жандануудан дендароо абалга чейин;

адаттан тышкары реакциялардын пайда болушу: кыжырлануу, агрессивдүүлүк, ашыкча эле сөзмөр болуу;

мурдагы кызыгууларына – спортко, хоббиге болгон ынтызарлыгын жоготуу;

үй-бүлөдө өзүнөн өзү бөлүнүү: бала ата-энесинен качат, үй-бүлөлүк иштерге катышпайт;

окууда жетишкендиктердин төмөндөөсү, сабактарды калтыруунун көбөйүшү;

үйдөн жана үйдөн тышкары жерлерде уурулук кылуу, туугандарынан тез-тезден акча суроо, кайдан келгендигин түшүндүрбөстөн чоң суммадагы акчаларды алып жүрүү;

барган сайын түнт тартуу жана жалган айтуунун көбөйүшү;

илээндилик: өспүрүм гигиенага жана кийим алмаштырууга кам көрбөйт. Ал кандай гана аба ырайында болбосун жеңдери узун кийимдерди кийип жүрүүнү жакшы көрөт;

мурдагы досторун жоготуп алуусу, баягы эле тааныштарынын тар чөйрөсү менен тез-тезден, бирок кыска жана түшүнүксүз сүйлөшүүлөр;

лексиконунда “ханка”, “кумар” сыяктуу жаңы сөздөрдүн пайда болушу;

эс тутумунун начарлашы, чаржайыттык, сындоо менен ой жүгүртүүгө, өзүнүн кылгандарынын себептерин түшүндүрүүгө жөндөмсүздүк;

демилгесиздик, “өчкөн” көздөр, жашоонун мааниси жоктугу тууралуу сөздөр.

Дене бой жактан болгон белгилер

табиттин жоголушу же тескерисинче  табиттин “карышкырдай” приступтары;

каректин ашыкча кеңейиши же тарышы;

уйкусуроо же уйкусуздуктун мүнөздүү эмес приступтары;

түшүнүксүз күжүрмөндүүлүк менен алмашуучу өтө чарчоо;

өңдүн кубарышы, шишимик тартуу, көз алмаларынын кызарышы, тилде күрөң өңөрдүн пайда болушу;

көгөргөн тактар, тамекиден калган күйүктөр, колдогу венанын аймактарындагы ийненин издери;

тиштердин тез бузулуп баратышы.

Ата-энелерди төмөндөгү табылгалар кооптондурууга тийиш:

өспүрүмдүн кийиминдеги адаттан тышкары тактар же кандын издери, анын кийимдеринен келип жаткан таң калычтуу жыт;

шприцтер, ийнелер, силерге белгисиз таблеткалар, күлмайдалар, капсула, чөптөр, өзгөчө алар көмүскө жерге коюлган болсо.

Жогоруда саналып өткөндөрдүн ичинен айрымдарынын өзүнчө алынгандары баңгизатын колдонуу тууралуу айта албашы мүмкүн. Бирок алардын ичинен бир канчасынын айкалышуусу, өзгөчө ар кайсы топторго (психологиялык жана физикалык) таандык болгондору тынчсызданууга себеп болуп саналат.

Эгерде шектенүү пайда болсо эмне кылуу керек:

1.  Көйгөйдү танбагыла

Көп учурда: «Мындай нерсе менин баламда болушу мүмкүн эмес. Биз ага жакшы кам көрдүк жана аны такыр башка нерсеге үйрөттүк” деген ой пайда болот.

Өспүрүм баңгизатты ал “начар тарбия көргөнү” үчүн колдонуп көрбөйт. Ага курчап турган чөйрөнү таанууга болгон умтулуу түрткү берет жана өзүнүн “тажрыйбаларынын” ичинен айрымдарынын аябагандай чоң коркунучун түшүнүү үчүн жашоодогу тажрыйбасы жетишпейт.  Кээ бир учурда бала курбалдаштарынын тобунун кысымына каршы тура албайт.

Баңгизат жана уулуу заттарды ашыкча колдонгон өспүрүмдөрдүн 30%ы интеллектуалдык жана маданий жактан жогорку деңгээлдеги үй-бүлөлөрдөн чыга тургандыгын билип койгула.

2. Дүрбөлөңгө түшпөгүлө

Эгерде силердин балаңар баңги колдонгон болсо, бул анын оорулуу экендигин билдирбейт. Баңгизаттардан болгон көз карандылык тез арада эле калыптанат,  бирок ошондой болсо дагы анын өөрчүшүнө убакыт талап кылынат. Балким, силер бир жолку колдонууга бет келиштиңер, өспүрүм деле аны кайталабайм деп өзү чечим кабыл алган болушу керек. Бирок “тагдырды сынап көрүүнүн” кереги жок. Силер эмне болуп жаткандыгын тез арада териштирип көрүшүңөр керек.

3. Бала менен сүйлөшкүлө

Силер күчтүү терс эмоцияларды башыңардан өткөрүшүңөр мүмкүн. Аны басмайынча сүйлөшүүнү баштабагыла. Коркутуулар жана жемелөөлөр баланын жабылып калуусуна алып келет. Силер, аларга жардам берүү үчүн ишенимди сакташыңар зарыл.

Маек жүргүзүп жаткан учурда ушул колдонмонун көп бөлүгү арналган сунуштарды колдонгула. Өспүрүмдүн абалын жакшыраак түшүнүү үчүн өзүңөрдүн өспүрүм курагыңарды эстегиле. Балага карата дал ушундай кылууга мажбурлоочу өзүңөрдүн сезимдериңер –  сүйүүңөр, аны коркунучтан коргоо жана колдоо каалооңор тууралуу айткыла. Баңги колдонуунун артында кандай көйгөйлөр жашынып жаткандыгын (өзүнө ишенбөөчүлүк, мектептеги жолу болбогондук) аныктоого жана аларды чечүүнүн башка ыкмаларын табууга аракеттенгиле.

4.  Туураш үчүн үлгү болгула

Силердин жаныңарда жашап жаткан өспүрүм мейли ал баңги сыяктуу өтө коркунучтуу болбосо дагы, силер өзүңөр көз каранды болгон нерселериңерди кантип жеңип жатканыңарды эң сонун көрүп тургандыгын унутпагыла.

5. Адиске кайрылгыла

Ойлонуп көргүлө, силер коркунучтуу инфекцияны өз алдыңарча дарылайт белеңер? Жок, антпейт болчусуңар. Силер адиске жардам сурап кайрылат элеңер. Сөз баңги тууралуу болуп жатканда дагы ушундай кылгыла. Балким, силерге психолог жана наркологдон анонимдүү кеңеш алуудан баштаган жеңилирээк болот. Эгерде оорунун бар экендиги аныкталса дарылоого ошол замат киришкиле. Химиялык көз карандылык өзүнөн өзү өтүп кетпейт. Ал тереңдей берет. Силер баланы ооруканадан эмес, баңгиден коргоого тийишсиңер.

Бардык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп көргүлө жана көбүрөөк ишенген медициналык мекемени тандагыла.  Айыгуу үчүн өспүрүмдүн көз карандылыктан бошонууга болгон чын жүрөктөн каалоосу зарыл экендигин эстен чыгарбагыла. Жакындарынын сүйүүсү жана колдоосу балага ага ээ болууга, оору менен болгон оор күрөштө аны сактап калууга жардам берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.