Алдын алуу

РДЧжМКБнын адистери «Жаштар жана коопсуздук» аймактык форумунда чыгып сүйлөштү

367

24-апрелден 26-апрелге чейин Кыргызстандын үч областы – Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында – «Жаштар жана коопсуздук» аймактык форумдары болуп өттү.

Ага мамлекеттик органдардын, атап айтканда Саламаттык сактоо; Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты; ички иштер; эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтери, Мамлекеттик дин комитети, шаарлардын мэрлери, ошондой эле жаштар, ЖОЖдордун жана коллеждердин студенттери катышты.

Форумда диний карама-каршылык, басмырлоо, экстремизм, терроризм, эрте никелешүү, зомбулуктун бардык түрлөрү боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү жана алардын алдын алуу жолдору талкууланды.

Форумдун катышуучуларынын астында ошондой эле Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын адиси Жаннаткан Муратова чыгып сүйлөдү.

Ал өзүнүн  «Өмүрлөрдү куткаруучу вакциналар» аттуу бет ачарында кызамык, кургак учук, гепатит жана башка сыяктуу оорулардын кооптуулугу тууралуу айтып берди, алдын алуу чаралары тууралуу эскертти жана студенттерди эмдөө тууралуу кызыктырган суроолорго жооп берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published.