Балдарга кам көрүү

Церебралдык шал оорусунун диагнозу – мындан ары эмне кылуу керек?

990

21-декабрь күнү Бишкекте “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды башкарууга дисциплиналар аралык мамиле” деген темада конференция өттү. Иш-чара эки күнгө созулуп, биринчи күнү Орусиядан келген адистердин катышуусунда билим берүү конференциясы болду. Экинчи күнү тегерек стол уюштурулуп, ага Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери катышты.

Конференциянын негизги максаты – Церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарды реабилитациялоо менен алектенген жана терапиянын жаңы ыкмаларына ээ болгон адистердин жетишсиздигине коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Балдар майыптыгы жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды социалдык жактан коргоо көйгөйлөрү бүткүл дүйнөдөгүдөй эле Кыргызстанда да актуалдуу. Балдардын оорусун жана өлүмүн азайтуу, балдардын майыптыгын азайтуу үчүн КРнын Саламаттык сактоо министрлиги Эрте кийлигишүү программасын ишке ашырды. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, эрте кийлигишүү кызматы баланын өнүгүүсүнө, анын ден соолугун сактоого, ошондой эле ийгиликтүү социалдаштырууга жана кийин коомго интеграциялоо менен билим берүү чөйрөсүнө кошууга максималдуу жетишүүгө өбөлгө түзөт.

Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору учурда Кыргызстандагы инновациялык жана үлгүлүү борбор болуп саналат.. Төрөлгөндөн баштап 7 жашка чейинки балдар үчүн үй-бүлөгө багытталган кызматтар көрсөтүлөт. Борбордо дисциплиналар аралык команда бар: дарыгерлер, педагогдор, психологдор, социалдык кызматкерлер жана физиотерапевттер. Бардык кызматтар биздин жарандардын/үй-бүлөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн жана балдардын кызыкчылыгы үчүн көрсөтүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.