Алдын алуу

РДЧжМК борборунда ДЧК адистерине арналган эки күндүк жыйын өттү

913

Оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо сергек жашоону узартууда жана ооруну азайтууда чечүүчү роль ойнойт. Буга байланыштуу 2024-жылдын 25-26-март күндөрү Бишкек шаарындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунда ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистеринин потенциалын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу, ден соолукту чыңдоо программаларын пландаштыруу жана ишке ашырууга арналган эки күндүк жыйын өттү.

Тренингдин негизги максаттары пропагандалык иштерди күчөтүү, баарлашуу жөндөмүн өнүктүрүү, ден соолук үчүн социалдык мобилизациялоо болду. Программада практикалык көнүгүүлөр жана талкуулар камтылган, алар пикир алмашууга жана учурдагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулоого көмөктөшкөн.

Катышуучулар активдүү өз ара аракеттенип, өз аймактарынын тажрыйбасы менен бөлүшүп, кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүштү. Мындай жолугушуулар жана окуулар саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Алар калктын ден соолугун чыңдоого жана ооруну азайтууга жардам берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.