ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунун медициналык уюмдары калк арасында кант диабетин аныктоо боюнча заманбап ыкмаларын сунуштайт

524

Кыргызстанда биринчи медициналык-санитардык жардам деңгээлинде жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо боюнча жеткиликтүүлүктү жакшыртуу” долбоорунун алкагында масштабдуу акция уланууда.

Акциянын алкагында Чуй облусунун областтык администрациясында медициналык кызматкерлер жана эндокринологдордун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда негизги максат, калк арасында кант диабетин аныктоо боюнча заманбап ыкмалар сунушталып талкууланды. Ага РДЧжМК борбору ДССУ, жана Бишкек шаардык эндокринологдор менен Чүй облустук медициналык кызматкерлер катышты.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө кант диабети менен ооруган 74 810 адам расмий каттоодо болсо, анын 944ү Токмок шаарында катталган. Алардын көбү буга чейин эле диабеттик катаракта, ретинопатия, нефропатия, гипертония, ылдыйкы буттун ампутациясы менен ооруп келет. Аталган долбоордун алкагында кант диабети менен ооругандарды аныктоо боюнча пилоттук райондордун Токмок шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун 72 дарыгери жана 122 медайымы үчүн интенсивдүү окуулардан өткөн. Учурда аталган медайымдар калкка жапа тырмак кызмат көрсөтүүнү улантышууда.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.