COVID 19

COVID-19 дүйнөдө

178

Чикагодогу мектептер 1 жумалык окуудан кийин COVID-19 учурлары көбөйгөнүн кабарлашууда.

Өткөн жылдын алгачкы окуу жумасына салыштырмалуу өсүш ~300% түздү!

Окумуштуулардын айтымында, ковид балдарда ар түрдүү байкалууда.

47% балдарда кызылча сыяктуу тери ооруларынын ар кандай варианттары кездешет. Көптөгөн изилдөөчүлөр оорунун Жибер темирөткүсү менен байланышын белгилешүүдө.

“Ковид манжалары” деп аталган – үшүккө окшош жаралар – теринин дагы бир жалпы симптому. Кээде бул диагностикалык кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон жалгыз клиникалык көрүнүш болушу мүмкүн.

Бейтаптардын 9-30% ыйлаакчалар, бөрү жатыш түрүндөгү исиркектер пайда болот.

Ал арада Европалык ДССУнун башчысы Ханс Клюге сасык тумоого жана COVID-19га каршы бир убакта эмдөө жүргүзүүгө чакырды.

“ДССУ быйыл кышында COVID-19 учурлары көбөйөрүн күтүүдө жана европалык бийликтерди калкты бир эле учурда сасык тумоого жана COVID-19га каршы эмдөөгө үндөйт.”

Ал ошондой эле калкка өзүн коргоо чараларын көрүүнү – эл көп чогулган жерлерде жана коомдук транспортто беткап тагынууну, имараттарды жакшылап желдетүүнү жана колду дайыма жууп турууну сунуштайт.

Белгилей кетсек, өткөн аптада 3 миң европалык адам COVID-19дан каза болгон, бул дүйнө жүзү боюнча өлүмдөрдүн үчтөн бир бөлүгү.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.