ДЕН СООЛУК

“Тамекисиз чөйрө” 2023 – Улуттук жаштар ишкерлик кубогунда

561

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ДСУнун аймактык кеңсеси менен биргеликте Enactus Kyrgyzstan.тарабынан уюштурулган Жаштар ишкерлиги боюнча улуттук кубок-2023 мелдешине катышты.

Иш-чарада Кыргызстандын булуң-бурчунан келген студенттер бир жыл бою иштеп келе жаткан эң мыкты долбоор наамы үчүн ат салышат. Жеңүүчү команда Нидерландияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатта өз иштерин белгилүү эл аралык компаниялардын жетекчилерине тартуулашат.

«Бул абдан маанилүү окуя, анткени бул жерде биздин жаштардын келечеги түзүлүп жатат. Жаштар өз өлкөсүнүн келечеги, прогресс, туруктуу өнүгүү максаттары жөнүндө көбүрөөк ойлоно баштаганын көрүп жатабыз. Бул “тамекисиз чөйрөдө” өтүп жаткан үчүнчү оюндар экени абдан маанилүү. Катышуучулар дагы, уюштуруучулар дагы дени сак адам гана жакшы иштеп, жакшы окуп, коомго пайда алып келерин, чыгармачылык менен алектене аларын түшүнүшү жакшы”, – дейт Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун улуттук кызматкери Алина Алтымышева.

Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мындай инновациялык иш-чараларды колдоо менен гана чектелбестен, алардын активдүү катышуучулары болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында ар бир каалоочу тамеки жана электрондук тамекилердин зыяндуулугу боюнча РДЧжМКнын пульмонологу Анара Калиевадан консультация ала алышты.«Электрондук тамекилердин зыяны аз деген пикирлер бар, бирок бул туура эмес, бул миф. Электрондук тамекилер кадимки тамекилер сыяктуу эле зыяндуу. Аларды колдонуу, айрыкча, жаштардын ден соолугунун олуттуу көйгөйлөрүнө алып келет, мисалы, мээ структураларынын бузулушу.

Биз тамеки, тамеки түтүнү жана аэрозолдорсуз келечекти түзүшүбүз керек. Ден соолугубузду сактап, тамекиден баш тартышыбыз керек», – деп жыйынтыктады Калиева.

Leave a Reply

Your email address will not be published.