Жалал-Абад областындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Бул боюнча областтагы ден соолукту чыңдоо адиси Жамиля Кудайбердиева билдирди. Анын айтымында, түштүк дубандын иммунологу Алия Арыкбаева эмдөөнүн пайдалуу жактары, кыйыр таасирлери жана COVID-19 оорусуна каршы иштеши жөнүндө кеңири маалымат берди.
Categories: COVID 19, ЖАҢЫЛЫКТАР