Ыктыярчылар

Бишкекте “Улуттардын маданияты” фестивалы өтөт

440

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 27-мартта «Улуттар маданияты» фестивалы өткөрүлөт.

Бул иш-чара Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Эл аралык жогорку медициналык мектебинин жана Бишкек медициналык окуу жайынын жергиликтүү жана чет элдик студенттерин бириктирет.

Фестиваль студенттер арасында достук байланыштарды чыңдоо жана руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чара үч станция форматында өткөрүлөт:

  1. Ар улуттун улуттук кийимдерин көргөзүү;
  2. Улуттук ашкананын көргөзмөлөрү жана жарманкелери;
  3. Улуттук оюндар боюнча мастер-класстар.

“Улуттардын маданияты” фестивалы “Ынтымак жолу” программасынын алкагында өтөт.

Аны ишке ашыруу Эл аралык Миграция уюмунун Өнүктүрүү Фондунун (IDF) каржылык колдоосунда КР ССМнин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору менен биргеликте Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published.