АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Энелер күнү: Бүбүжан Арыкбаева: Дени сак энеден, дени сак наристе төрөлөт

509

Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында “Энелер күнү” белгиленет. Быйыл да адаттагыдай эле Бишкекте энелер күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Республикалык аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган бул майрамдык кече жыл сайын ар кандай концепциялык темада өтөт. Быйылкы темада ден соолук багыты тандалып алынган.

Возможно, это изображение один или несколько человек и помост
Возможно, это изображение 8 человек и текст

Мааракеде Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Алина Алтымышева катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бүбүжан өз сөзүндө:

“2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү байкалган. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен үч бала туура келет. Бул биздин өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү көрсөткүч. Ошондуктан өлкөбүздүн коомубуздун өсүшүнө энелердин кошуп жаткан салымы өтө чоң. Ошондой эле министрлик тараптан биз энелердин ден соолугуна арналган көптөгөн программаларды түзүп иштеп келебиз, анын ичинде энелердин чың ден соолугу үчүн төрөткө чейин жана төрөттөн кийин көзөмөлгө алуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча бир топ программаларыбыз бар. Учурдан пайдаланып энелерге айта кетет элем, ден соолукту чыңдоо ар бир аялдын өз колунда, өз ден соолугуңуздарга кайдыгер мамиле кылбастан дарыгердин көзөмөлүнөн улам өтүп туруңуздар, ар бир эненин ден соолугу Кыргызстандын келечеги үчүн өтө маанилүү себеби дени сак энеден дени сак наристе төрөлөт, эненин саламаттыгы өлкөнүн саламаттыгы”-деп белгиледи.

“Республикалык аялдар кенеши жыл сайын энелердин күнүн өзгөчө белгилейт анткени, биздин мамлекетте коомдо эненин орду өзгөчө ошол себептен жыл сайын өткөрөбүз. Ал эми быйыл темабызды энелердин жана кыздардын ден соолугу деген концепция менен тандап алдык.Учурдан пайдаланып Саламаттык сактоо министрлигине чоң ыраазычылык билдирет элем. Анткени жети дубандан биригип 1200 айым келди. Балким аларга өзгөчө мүмкүнчүлүк болду деп ойлойм, иш-чара башталардын астында, дарыгерлер эшиктин кире беришинде болушту, алардын кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөп беришти, керек болсо дарыгерден керектүү кеңештерди да алганга жетишишти. Бул иш-чаранын биринчи бөлүгү болду анан албетте келген энелерге бул учур абдан жакты, ыраазычылыктарын айтышты, кээ бир эмес көпчүлүк энелер өздөрүнүн кан басымы жогору болуп жүргөнүн бул жерден билишти анан ага кошумча багыттама кеңештерди алышты, бул да болсо энелердин ден соолугуна кам көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду деп айта алам”-деп билдирди КР ЖКнын 6-чакырылышынын депутаты Алтыбаева Айнура.

Энелер күнүнө арналган майрамдык салтанат ыр-бий шоу концерт менен коштолуп жыйынталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published.