COVID 19

COVID-19дан кийинки жүрөк-кан тамыр оорулары

145

Алгач окумуштуулар COVID-19 өпкө тканына гана таасир этет, ал эми жүрөктүн иштешине байланыштуу көптөгөн коштолгон кыйынчылыктар гипоксиянын (кычкылтек ачарчылыгы) жана ачык сезгенүү процессинин натыйжасы гана деп ойлошкон.

 Бирок SARS-CoV-2нин организмге таасиринин механизмдеринин изилдениши менен, вирус клеткаларга кирип, ACE2 белогуна жабышаары далилденген. Бул белок эндотелийде (кан тамырларды тизген клеткалар), ошондой эле өпкө, жүрөк жана башка органдарда болот. Вирус бул клеткаларга кирип, аларды жарым-жартылай бузат жана жүрөк тканына зыян келтирет, жүрөктүн кан менен камсыз болушун азайтат, бул сезгенүү коркунучун жогорулатат.

Ошентип, коронавирустан кийинки жүрөккө эң кооптуу оорулардын бири – бул миокардит. Жүрөктүн булчуң ткандарына таасир эткен сезгенүү процесси көпкө чейин сезилбеши мүмкүн, бирок натыйжада олуттуу көйгөйлөргө алып келет. Клиникалык көрүнүштөрдүн оордугу жүрөк булчуңунун бузулушунун даражасына жараша болот. Жүрөк булчуңунун сезгенүүсүнө дене табынын жогорулашы, организмдин интоксикациясы да себеп болушу мүмкүн.

 Миокарддагы сезгенүү өзгөрүүлөрү жүрөктүн электрдик туруктуулугун бузат. Бул физикалык күч келтирүүдө күчөгөн тахиаритмиянын пайда болушуна алып келет. Ошондуктан, көп учурда мурда жүрөгү оорубаган бейтаптар коронавирустан кийин физикалык жүктөмгө чыдамдуулуктун начардыгына даттанышат.

 Коронавирустан кийинки татаалдашуу катары миокардит бардык курактагы бейтаптарда кездешет, бирок оору көбүнчө белгилери билинбей же бир аз гана белгилери менен башталгандыктан, бейтаптар текшерилбейт жана өз убагында жардам сурап кайрылышпайт.

Дал ошондуктан COVID-19дан айыккандан кийин жүрөк-кан тамыр системасынын толук текшертип, зарыл болсо, жүрөк жана кан тамырлардын иштешин калыбына келтирүү үчүн жеке программаны тандап алуу зарыл.

 Жаңы коронавирустук инфекциянын кесепеттери жүрөк-кан тамыр системасына олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн, ошондуктан инфекцияны алдын алуу өтө маанилүү, өзгөчө жүрөк патологиясы бар адамдар үчүн.

 Бүгүнкү күндө коронавирустун алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы –  бул эмдөө.

 Бул өзүңүздү жана жакындарыңызды COVID-19дун оор кесепеттеринен коргоо үчүн жеткиликтүү мүмкүнчүлүк.

Leave a Reply

Your email address will not be published.