ЖАҢЫЛЫКТАР

COVID-19дун алдын алууда эмдөөнүн орду кандай?

671

Бул суроо “Дени сак шаарлар” долбоорунун алкагында талкууланды.

7-октябрда болгон иш-чара Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун катышуусунда КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулду.

Саамалык Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, өлкөдөгү 31 шаардын жетекчилери, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Тегерек столдун катышуучулары “Дени сак шаарлар” программасынын Улуттук түйүнү жана шаарлардагы саламаттык сактоо профилдери боюнча иликтөөнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Ошондой эле долбоордун келечеги жөнүндө пикир алышып, тажрыйба алмашышты.

Иш-чаранын күн тартибине дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалды талкуулоо, ооруга каршы калкты эмдөөнү жогорку деңгээлге көтөрүү, “Дени сак шаарлар” долбоорун жогорку сапатта ишке ашыруу, булганган абанын шаардыктардын саламаттыгына тийгизген таасирин азайтуу жана башка суроолор кирди.

Тегерек столдун жыйынтыгында атайын резолюцияга кол коюлду.

Маалымат үчүн: КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык 2018-жылдан бери “Дени сак шаарлар” программасынын Улуттук түйүнү иштеп жатат.

Ал жашоочулардын ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыздоого, анын ичинде COVID-19га каршы эмдөөнү жакшыртууга, дени сак шаар чөйрөсүн түзүүгө арналган. Ошондой эле, калктын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

2 replies »

Leave a Reply

Your email address will not be published.